Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Ооганстанда талибдердин чабуулунан 26 аскер мүрт кетти


Ооган аскерлери. 17-декабрь, 2019-жыл.
Ооган аскерлери. 17-декабрь, 2019-жыл.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, Ооганстандын түндүгүндө талибдердин кол салууларынан күч түзүмдөрүнүн 26 өкүлү мүрт кетти. “Талибан” кыймылы 31-декабрдын кечинде болгон чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

Кундуз провинциясындагы өткөрүү бекетине кол салуудан 10 ооган аскери курман болуп, төртөө жараат алган. Балхтагы чабуул тогуз полициячынын өмүрүн алды. Провинциянын губернаторунун өкүлү Жавад Хажрин атышууда “Талибандын” 10 мүчөсү жок кылынганын айтты.

“Талибан” кыймылынын согушкерлери Катарда согушту токтотуу боюнча АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабай күн сайын өлкөдө чабуулдарды уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG