Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда. 

17:36 8.4.2021

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.

Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук сотунун чечими менен 158-берене ("Уурулук") менен үч айга эркинен ажыратылган.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене ("Тоноо") менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене ("Карактоо"), 163-берене ("Опузалап талап кылуу") менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Учурда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган.

16:14 8.4.2021

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча маалымат берүү үчүн бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңешке министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев келген. Буга айрым депутаттар каршы болуп, министр Улан Ниязбековдун өзү келишин талап кылышты. Депутат Айсулуу Мамашева парламент микрофону аркылуу министрге кайрылып, өзү келишин айтты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев Улан Ниязбеков өкмөттүн кеңешмесине катышып, бошой албаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент отурумуна министр өзү келип катышсын деген талапты колдоду.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү милициянын шалаакылыгынан улам болгон деген сындап, айрым депутаттар ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келүүсүн талап кылышкан.

Айзаданын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

16:07 8.4.2021

 

14:42 8.4.2021

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүргөн деп шек саналган Замирбек Теңизбаев аны мурда да бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу Айзада котормочу-технолог болуп иштеген трикотаж фабрикасынын жетекчиси Жолдош Шаршенов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркум Түркиядагы ишканалардын бири менен тейлөө тармагында иштөө үчүн келишим түзүп, 15-апрелден кийин кетүүгө даярданып жүргөн:

"Айзада алтын кыз эле. Менин оң колум болчу. Мурда да Түркияда иштеп келген. Кайра эле кетем деп, жумушчу виза алган. Билетти эле күтүп жаткан. Анткени, мага жанагы досубу же кимиси эки жолу бычак такап коркутканын айткан. Бизде анын курбусу иштейт. Анын күйөөсү тиги балага барып сүйлөшкөн. Ошол бойдон жолобой калган. Аны көрө элек болчумун. Айзада Түркияга ошол бала тынчтык бербегени үчүн кете турганын айтып берген. Күндө эртең менен күн сайын саат 07.20да аны Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Кечигип атса чалып койчу. Ошол күнү келген жок. Чалсам алган жок. Мени башка жумушчулар да күтүп жаткандыктан, кыздарга Айзаданы табууну табыштап кетип калгам", - деди Жолдош Шаршенов.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыга коюлганы жатат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG