Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

20:14 8.4.2021

Айзаданын өлүмү - кыргыз коомунун трагедиясы

Бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди. Бишкекте көчөдөн уурдалып, киши колдуу болгон кыздын өлүмү жүздөгөн адамдарды нааразылык акциясына чыгарды.

Коомчулук кыздын уурдалганына ыкчам аракет көрүлбөгөнүн сындап, ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган адамдардын кызматтан кетишин талап кылууда. Өлкө жетекчилиги кайгылуу окуяны айыптап, ага жооптуулар катуу жазаланарын билдирди.

Айзаданын өлүмү ИИМге сынды күчөттү

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имаратынын жанына чогулгандар чырактай кыздын өмүрү кыйылганына каңырыгы түтөп, министр баш болгон милиция жетекчилеринин отставкасын талап кылып, "Отставка!", "Уят!", "Министр кетсин!", "Жетишет!", "Ала качуу салт эмес!", "Аялдарга сөз!", "Коопсуз мамлекетте жашагым келет!" деп кыйкырып турушту.

Чогулгандар "Дагы канча өлүм керек?", "Шалаакылык үчүн ким жооп берет?", "Мен жашагым келет!" деген жазууларды жана 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн да көтөрүп келишкен.

Шаар тургуну Роза Ырысова каргашалуу кабарды уккандан бери жаны жай албай, көчөдөн элдин көзүнчө уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмүнө ириде милицияны күнөөлөп, коомчулуктун кайдыгер мамилесине нааразы болду.

“Бурулай, Айзада, эми ким? Дагы канчалаган кыздарды өлтүрүп жатышат? Билбейм, сөз жок. Менин кыздарым чоңоюп келе жатат. Мен аны тааныштары менен дагы көчөгө чыгаргандан коркуп калдым. Азыр шаарда жашоо коопсуз болуп калды. Эмоциям үчүн кечирим сурайм, айтканга сөз жок. Кайсы шаарда, канчанчы кылымда жашап жатабыз?”.

Митингчилерге министр Улан Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа берилерин түшүндүрүүгө аракет кылды.

Бирок, чогулган эл “уят”, “кызматтан кеткиле” деп кыйкырып укпай коюшту.

Активист Улан Үсөйүн милициянын шалаакылыгы үчүн премьер-министр, президент дагы жооп бериши керектигин айтып, чогулгандарды өкмөт имаратына баштап келди.

Көзүнө жаш алып эл алдына чыгып сүйлөгөн митингчилердин бири мамлекет башчыларына кайрылып, ички иштер министрин кызматтан кетирүүнү суранды. Жалпы коомчулукка кайрылып, кайдыгер болбоого чакырды.

"Мен жалгыз бой энемин. Эки баланы жалгыз багам. Алимент да албайм. Жетекчилерге "бүгүнкү күндүн айлыгын төлөбөй эле койгула, митингге барам" деп айттым. Жыл башынан бери канча аял союлуп, сабалып өлдү. Ошол жерден сүйрөп атса бир да киши, машине токтогон жок. Биз минтип кайдыгер болсок, эртең биздин да балдар-кыздарыбызга кол салышат. Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз?".

Ушундай эле митинг Ош шаарында да өттү. Анда активисттер милициядан аялдын укуктарын кылдат коргоону талап кылышты.

Ош: Айзаданын өлүмү көп көйгөйдү эске салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Бийликтин реакциясы

Көп өтпөй акцияга чогулгандардын алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты. Марипов кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын убада кылды.

"Урматтуу мекендештер! Мен буга кайгырып турам. Кызматтык териштирүү жүрүүдө. Бул маселени президентибиз да карап атат. Бир аз убакыт бергиле. Бул маселе көзөмөлдө. Азыр ким күнөөлүү экени тууралуу эч нерсе айта албайм", - деди Улукбек Марипов.

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып, киши колдуу болгонун "терең кайгыруу менен кабыл алганын" билдирди.

Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону үчүн сындады. Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди:

"Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн да чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине каршы никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат", - деген Жапаров бир нече жыл мурда ушундай ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды да эскерген.

Милициянын кандуу окуя боюнча маалыматы

Бишкек шаардык милициясынын жетекчилиги 8-апрелде каргашалуу окуя тууралуу журналисттерге басма жыйыны өткөргөн. Анда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

Ал журналисттердин кандуу окуяга байланыштуу "кызматтан кетесизби?" деген суроолоруна "азыр менин милдетим - кылмыштын бетин ачуу" деп жооп берди.

Матмусаев кызды табуу үчүн милиция болгон аракетин жумшаганын айтып, ыкчам иштер өз убагында кабыл алынганын билдирди. Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев кыздын уурдалганы камерага түшүп калса да, эки күн табылбай калганын мындайча түшүндүрдү.

“Коопсуз шаар боюнча бардык камераларды карап, издеп чыктык. Ак-Өргө жактан чыгып кеткен. Геолокациялар ар кайсы жакты көргөзүп жаткан. Аны түшүндүрүп бере албайм”, - деди.

Айтпаев буларды кошумчалады:

“5-апрелден бери эле Айзаданын да, шектүү Замирбек Теңизбаевдин туугандары менен байланышып турдук. Алардын туугандары экөө "үйлөнөбүз" деп жүргөнүн айтып жатат. Чоң көчөлөрдөгү бардык камераларды карап чыктык. Ал жактан таппагандан кийин жаңы конуштардан карап чыктык”, - деди.

Шаардык милициянын Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кылмыш боюнча буларды айтып берди.

“Машине табылган аймактын тегерегин балдар карап чыккан. Кыз менен жигит сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтан кийин үйлөрдөн, гараждардан издешкен. Машине чычырканак өскөн аймакта токтоп калган экен. Карап чыкканда машиненин эшик-терезеси бек болгон. Маркумдардын телефону жанында болгон. Айзаданын СИМ-картасы телефондун чехолунда калган. Андан тышкары машинеден кагаз кескен бычак табылган. Шектүү аны менен өзүн үч жолу сайган. Кыздын сөөгү азыр экспертизадан өтүп жатат, баштапкы маалымат боюнча ал шектүүнүн футболкасы менен муунтулган”.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев ыкчам иштерди жүргүзүүгө айрым мыйзамдар тоскоол болгонун айтып өттү. Учурда Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып үч киши кармалды.

ИИМдин ишмердүүлүгү парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев "Ала качуу салт эмес! Ала качуу - кылмыш, зомбулук! Кылмышкерлер жазасын алышы керек!" деген жазуусу бар плакат көтөрүп келди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилигин сезерин айтты. Бекешев министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:

"Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан сиз жоопкерчиликти сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок", - деди Бекешев.

Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын "ала качуу" деп атап, апасына телефон чалган милиция кызматкерин жазага тартууну талап кылды.

Айзаданын жакындары милицияга нааразы

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразы. Маркумдун энеси Назгүл Шакенова "Азаттыкка" 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин саат 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.

Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганын, бирок милиция өз убагында реакция кылбай, кызды таппай койгонун билдирди.

"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келе жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы, азыр барам" деди. "Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок" дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. "Иштеп атабыз" деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар?" деп күлдү".

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Жакындары, тааныш, курбулары аны алдыга умтулган, спорттун волейбол түрүнө кызыгып, ийгиликтерди жаратканын эскерип жатышат.

Маркум бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Энеси аны жалгыз тарбиялаган.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күчкө салып уурдап кетишкен.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Замирбек Теңизбаев кызды мурда да бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.​

Шектүү жөнүндө маалымат

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда “уурулук”, “тоноо”, “карактоо” беренелери менен мурда үч жолу соттолгонун тактады.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортация болгон. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев журналисттерге басма сөз жыйынында шектүү жөнүндө кыскача маалымат берди.

"Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзүнө караганда, ал Орусияда соттолуп, алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батирди ижарага алып жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келгенин туугандары айтышты. Бул маалымат текшерилип жатат", - деди Айтпаев.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жатат. Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат.

Шектүү 1985-жылы Ош облусунда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Айылдаштарынын айтымында, алар үй-бүлөсү менен көп жыл мурда көчүп кеткен.

Айзаданын өмүрүн кыйган кайдыгерлик

Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.
1/40 Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.
2/40 Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.
3/40 Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Маркум Айзада Канатбекованы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.
4/40 Маркум Айзада Канатбекованы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
<p>Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте жана Ошто нааразылык митингдери өттү. Ага чыккандар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.</p>

<p>&quot;Отставка!&quot;, &quot;Уят!&quot;, &quot;Министр кетсин!&quot;, &quot;Жетишет!&quot;, &quot;Ала качуу салт эмес!&quot;, &quot;Аялдарга сөз!&quot;, &quot;Коопсуз мамлекетте жашагым келет!&quot; деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.</p>
5/40

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте жана Ошто нааразылык митингдери өттү. Ага чыккандар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.

"Отставка!", "Уят!", "Министр кетсин!", "Жетишет!", "Ала качуу салт эмес!", "Аялдарга сөз!", "Коопсуз мамлекетте жашагым келет!" деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.&nbsp;
6/40 Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. 
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
7/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
8/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
ИИМдин отставкасын талап кылгандар
9/40 ИИМдин отставкасын талап кылгандар
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Акцияда мындан бир канча жыл мурда киши колдуу болгон Камила Дүйшебаеванын да сүрөтүн көтөрүп чыккандар болду.
10/40 Акцияда мындан бир канча жыл мурда киши колдуу болгон Камила Дүйшебаеванын да сүрөтүн көтөрүп чыккандар болду.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Буга чейин ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтүн дагы көтөрүп чыгышты.&nbsp;
11/40 Буга чейин ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтүн дагы көтөрүп чыгышты. 
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Митингдин катышуучулары &quot;кийинки болуудан коркорун&quot; билдиришти.
12/40 Митингдин катышуучулары "кийинки болуудан коркорун" билдиришти.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Фемицидге каршылык билдирген кыздар
13/40 Фемицидге каршылык билдирген кыздар
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Кыздар менен жашы улуурак айымдар бир катарга тизилип нааразычылык билдиришти.
14/40 Кыздар менен жашы улуурак айымдар бир катарга тизилип нааразычылык билдиришти.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
15/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Акцияга белгилүү блогер Элдана Сатыбалдиева катышты.
16/40 Акцияга белгилүү блогер Элдана Сатыбалдиева катышты.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Сүрөтчү Татьяна Зеленская
17/40 Сүрөтчү Татьяна Зеленская
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Ырчы Кайрат Примбердиев кайдыгерлик күчтүү болгон коомдо зомбулук да көп болорун эске салды.&nbsp;
18/40 Ырчы Кайрат Примбердиев кайдыгерлик күчтүү болгон коомдо зомбулук да көп болорун эске салды. 
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
19/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
20/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
&quot;Менин жашагым келет&quot;
21/40 "Менин жашагым келет"
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
22/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
23/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Айымдардын укугун коргоп келген эркектер
24/40 Айымдардын укугун коргоп келген эркектер
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
25/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
26/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Митингдеги милиция кызматкерлери
27/40 Митингдеги милиция кызматкерлери
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
28/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
29/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
30/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
31/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
32/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
&quot;Качан толук кандуу ишке киресиңер?&quot;
33/40 "Качан толук кандуу ишке киресиңер?"
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланды.
34/40 Митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланды.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Акциянын катышуучуларына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты
35/40 Акциянын катышуучуларына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
36/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
37/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
38/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
39/40
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Улукбек Марипов акциянын катышуучуры менен кыска убакыт баарлашып, кийин имаратка кирип кетти.
40/40 Улукбек Марипов акциянын катышуучуры менен кыска убакыт баарлашып, кийин имаратка кирип кетти.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.
Артка
Алдыга

17:39 8.4.2021

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчиликти сезерин айтты. Бекешов министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:

"Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан, сиз, эгер жоопкерчиликти сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок".

Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын "ала качуу" деп атап, апасына телефон чалып тойго камданууга чакырган милиция кызматкерине жаза көрүлүшүн талап кылды.

Парламент ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү тууралуу Улан Ниязбековдун маалыматын укту.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев кызды издөө ишине 200дөй милиция кызматкери тартылганын айтып, милиция кайдыгерлик кылды деген дооматты четке какты.

"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче издедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев.

17:36 8.4.2021

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.

Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук сотунун чечими менен 158-берене ("Уурулук") менен үч айга эркинен ажыратылган.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене ("Тоноо") менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене ("Карактоо"), 163-берене ("Опузалап талап кылуу") менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Учурда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган.

16:14 8.4.2021

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча маалымат берүү үчүн бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңешке министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев келген. Буга айрым депутаттар каршы болуп, министр Улан Ниязбековдун өзү келишин талап кылышты. Депутат Айсулуу Мамашева парламент микрофону аркылуу министрге кайрылып, өзү келишин айтты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев Улан Ниязбеков өкмөттүн кеңешмесине катышып, бошой албаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент отурумуна министр өзү келип катышсын деген талапты колдоду.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү милициянын шалаакылыгынан улам болгон деген сындап, айрым депутаттар ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келүүсүн талап кылышкан.

Айзаданын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG