Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Менин атым Азиза болчу


Азиза менен Темирлан. (Сүрөт Азиза-Кэролдун өздүк архивинен алынды)
Азиза менен Темирлан. (Сүрөт Азиза-Кэролдун өздүк архивинен алынды)

Кыргызстанда төрөлүп, кийин америкалык жарандар асырап алган 19 жаштагы Азиза-Кэрол Блэр "Азаттыкка" маек курду.

Окуу жылы аяктаганда мектеп бүтүрүүчүсү Азиза-Кэрол Блэрге тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Америкада калып окууну улантуу керекпи же Кыргызстанга кайсы бир убакытка чейин болсо да барып, туулган жерин көрүп келгени оңбу? Нью-Йоркто калса Технологиялык институтта окумак, бирок кыз Бишкекке барып, өткөнү менен кайрадан таанышып чыгууну чечти.

Артка кылчайып, өзүн кайрадан таануудан убакыт аягысы келбеген Кэрол ошол замат эле Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка Университетине документ тапшырган. Көп өтпөй окууга өткөнү менен куттуктаган кубанычтуу кабарды укту.

Учурда 19 жаштагы АКШ жараны психология факультетинин 1-курсунда окуйт. Мени менен сүйлөшүп жаткан кезде Кэрол балалык кезин, Америкага кандайча барып калганын тизмектеп, айтып берүүгө аракет кылды.

- Мен апамды элестете албайм, кыска, кара чачы гана эсимде калды. Анда болгону 3 жашта элем. Кээде көз алдыман өткөн турмушумдун айрым урунттуу учурлары тасма сындуу чууруп өтөт. Биз бир бөлмөлүү тар батирде турчубуз. Менин билишимче, андай үйлөрдү “хрущёвка” деп коёт. Апам, мен, иним үчөөбүз жашачубуз. Кээде сейилдечүбүз, апам мени көтөрүп алаар эле. Менин оюмча, апам мени аябай жакшы көрчү.

Кыздын андан кийинки жашооcу булаңгыр. Кандайдыр бир жол менен иниси Темирлан экөө Орусиянын Новосибирск шаарындагы балдар үйүнө түшөт. Ал жерде бир жылдай болушкан экен. Жашоо күтүлбөстүккө бай эмеспи, алдыда эки бир тууганды жомоктогудай бурулуш күтүп турган.

Азиза-Кэролдун америкалык ата-энеси
Азиза-Кэролдун америкалык ата-энеси
Азиза-Кэролдун жаңы ата-энеси башынан эле кичинекей кытай кызын асырап алууну кыялданышыптыр. Түгөйлөр “Бир үй-бүлөдө бир бала” деген Кытайдын каардуу саясатынын айынан түрткүнчүк болгон ымыркайлардын бирине мээрим төгүүнү каалашкан экен. Бирок бала асырап алууга жардам берген агенттик аларга теги кыргызстандык Азизаны сунуштайт.

Кызды америкалык жубайлар дароо жактырат. Белек-бекчек, кийим-кечек менен Орусиядагы балдар үйүнө тез-тез каттап турушат. Качан кыз өздөрүнө үйүр алып, чочуркабай калганда Массачусетске биротоло алып кетишет. Бир туугандарды ажыратпоо максатында Темирланды да багып алышат.

“Балдар үйүнүн кызматкерлери биздин ата-энебиз өпкөсүнөн кагынып көз жумганын айтышкан. Менин оюмча, Новосибирскке куу турмуш айынан барсак керек. Апам мени эч убакта капа кылчу эмес. Балким бизди бага албай, аргасы түгөнгөндө ушул кадамга баргандыр. Тилекке каршы, атабызды такыр эстей албайм”, - дейт Блэр.

Мен апамды элесте албайм, болгону анын кыска, кара чачы эсимде калды. Анда болгону 3 жашта элем. Бир бөлмөлүү тар батирде апам, мен, иним үчөөбүз жашачубуз. Кээде сейилдечүбүз, апам мени көтөрүп алаар эле, мени аябай жакшы көрчү.
Мен кызга ушул жерден өзүнүн биологиялык ата-энесин табууга аракет кылып көрүүгө кеңеш бердим. Бирок маектешим сунушуман сылык баш тартты.

Жаңы ата-энеге кыз көптө барып көнөт. Тилден да кыйналат. Айланаңда баары бир тилде сүйлөп атса, акырындап кулак бышат эмеспи. Азиза да бир жылдан кийин англисче кадимкидей түшүнүп, бара-бара орус тилин унутат. Башында ата-энеси аны Кэрол деп чакырышчу экен, кийин Азиза-Кэрол дешип, эс тартканда жөн гана Кэрол деп атоону чечишет. Азыр анын толук ысымы Кэрол Роуз Блэр.

- Мени жакшы адамдар багып алганына ыраазымын. Алар мага баарын беришти. Улуу эжелерим бар, алар күйөөгө чыгып, балдары биз менен бир куракта. Мамилебиз жакшы. Америка чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Айрыкча мага билим берүү системасы жагат. Ар бир мектеп окуучусу өз чыгымдары үчүн акча иштеп тапса болот. Мен буга чейин кийим саткан дүкөндө менеджер жана онлайн консультант болуп иштегем. Мектепти бүткөндө "шаардын аяк-башына кыйналбай жет" деп атам мага машина белек кылды. Ал жактагы жашоом албетте жакшы, бирок өткөндү унутууга болбойт. Мен көп нерсени билип, өзүмдү-өзүм тааныгым келет, ошол себептүү мекениме келдим.

Айтмакчы, Кэрол окуусуна акчаны өзү тапкан. Бир нече жыл бою чогулткан экен. Учурда ал Бишкектеги тил үйрөтүүчү курстардын биринде мугалим болуп иштейт. Бош убактысында жергиликтүү маданият менен жашоочулардын үрп-адатын изилдейт. Кыздын айтымында, ага Ысык-Көл жана улуттук ашкана аябай жаккан.

Азиза-Кэрол
Азиза-Кэрол
“Эмнегедир этти анан ысык чайды жакшы көрөм. Бул мага кан аркылуу берилсе керек”,- деп жылмайды Блэр.

Бишкектин жашоочулары меймандос болгону менен бактысыз, бир нерсеге нааразыдай көрүнгөнүн да айтып олтурду. “Америкада жөнөкөй жана жарашыктуу кийингенге аракет кылышат, бул жакта тышкы келбетке болгон мамиле башкача экен”, - деп подиумга чыкчудай сүлкүлдөгөн бийкечтерге таң калганын жашырган жок.

- Мен бул жактын жашоо-шартына көнө албай жатам. Көпчүлүк мамлекеттик мекемелер адамдардын жашоосун жөн эле татаалданта берээрин байкадым. Айрым бир документтерди Билим берүү министрлигинен ырастоо үчүн канча убара болуп, орой мамилелерге да кабылдым. Мен болгону 1 жылга гана келгем, бирок ушул убакыт ичинде көп нерсени таанып-билериме ишенем. Инимди кышында келет деп күтүп жатам. Биз ошондо киндик каныбыз тамган, апабыз жетелеген шаар менен жакшылып таанышабыз деген ойдомун. Кыргызстанга акыркы жолу келип жатам дебейм, биз дагы далай жолу конокко келебиз.

Маектешкен Алина Алымкулова (маекти орус тилинде бул жерден окусаңыздар болот)

Кыргызчалаган Санжи Туйтунова
XS
SM
MD
LG