Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Асатилла: Сүрөтүм – дил сүрөтү


кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаев. Грац, Австрия. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.
кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаев. Грац, Австрия. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

Жакында кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин соңку эмгектери камтылган жекече сүрөт көргөзмөсү Австриянын Грац шаарында ачылды. 53 жаштагы Тешебаев мырзанын эмгектери буга чейин Орусияда жана Батыш Европанын бир катар шаарларында көргөзмөлөргө коюлган. 19-ноябрда Грац шаарында өткөн көргөзмөнүн ачылыш салтанатынан кийин кабарчыбыз Тынчтыкбек Чоротегин сүрөткер менен маек курду.

Асатилла Тешебаев мырза өз маегин чыгармачыл турмушунун соңку мөмөлөрүн чагылдырган көргөзмө тууралуу сөзү менен баштады.
А.Тешебаевдин Грацтагы сүрөт көргөзмөсүнөн. Күү. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

- Грац шаарындагы көргөзмөмдүн ачылышына өзүңөр күбө болдуңар.

Бул жерде 2003-жылдан бери Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсүмүн.

19-ноябрда ачылган көргөзмөдө өзүмдө 10-15 жылдан бери топтоп жүргөн сүрөттөрүмдү жана акыркы тарткан сүрөттөрүмдү калк таразасына койдум.

- Көргөзмөгө келген сиздин өнөрүңүздүн күйөрмандары абдан жакшы пикирлерин айтышты. Алардын арасында айрым жергиликтүү сүрөтчүлөр дагы болду. Өзүңүздүн бул жерде иштешип жүргөн кесиптештериңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Грац шаарындагы Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү болуп бирге иштешип жүргөн кесиптештеримден айтсам, кечеде өзүңөр алардын айрымдарын көрүп калдыңар. Алардын бири - Елена Хитсенхофер деген айым бар, энеси кайсы бир жылдарда Австрияга келип турмушка чыгып, Елена ушул жерде төрөлгөн. Улуту татар, Австрияда чоңойгон.
Сүрөтчү Энгелберт Хүблер досу А.Тешебаевдин Грацтагы сүрөт көргөзмөсүндө. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

Энгелберт Хүблер (Engelbert Hübler) деген да жакшы досум бар, ал – австриялык таланттуу сүрөткер.

Бул жерде Европадагы, Австриядагы тарткан сүрөттөрдүн мазмуну, мындагы сүрөткерлердин айлана чөйрөгө болгон көз карашы бир аз башка.

Булардын тарткан сүрөттөрүн карасаң - абстракция.

Абстракция деген өзү бир канча бойокторду аралаштырып келип өзүнчө сонун нерсени түзүш болот. Алардын усулу, салты жана көз карашы биздин өзүбүз окуп, үйрөнүп, билим алган сүрөткердик мектептен айырмаланат.
А.Тешебаевдин Грацтагы сүрөт көргөзмөсүнөн. Кыздын сүрөтү. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

Реалдуулукту, көргөндү көргөндөй тарткандан качып, өзүнчө бойоктор менен ар кандай ойду келтиргенге аракет кылган абстракциянын усулун колдонгондор арбын.

- Кечиресиз, сүрөт көргөзмөсүнө катышкандардын бири, өзү дагы сүрөт мугалими экен, голландиялык көркөм өнөр, живопись боюнча өзүн адисмин деп тааныштырып, жакшы маек куруп берди, Светлана Шенк (Svetlana Schenk) деген айым.

Ал айтат, сиздин чыгармачылыгыңызда башкалардан айырмалуу бир жагы - бул фольклорго, кыргыз улуттук колоритине тийешелүү түстөрдү жакшылап ажарын чыгарып колдонуп жатканында дейт. Анын бул пикирине кандай карайсыз?

- Сүрөтчү болсун, көргөзмөгө келген башка ар бир киши болсун, жоромол кылганда алардын пикири - адамдын өзүнө жараша, өзүнүн кулк мүнөзүнө, жашоодо алган тажрыйбасына таандык деп ойлойм.

Мен өзүм улутум кыргыз болсо, өзүмдүн туулуп өскөн жерим Кыргызстан болсо, анан кантип ошол жер мага тасир бербей калсын!

Өзүмдүн ички дүйнөм, аң-сезимим, тарбиям, таалимим боюнча - темам Кыргызстан. Элим-журтумдун темасы мага башкаларга караганда жанымдай, канымдай. Ал айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек.

- Сиздин темага чындыгында Ала-Тоо, Кыргызстан, Кыргызстандагы ар кыл муундардын өкүлдөрү көп камтылып чагылдырылат экен.

Бул – атажуртка сагынычтан уламбы, же сиздин өзүңүздүн өмүрдүк темаңыз сыяктуу узактан ойлонуштурулган ишпи?

- Бир жагы - сагынычтан болсо, бир жагы - бул элдик, улуттук, инсандык, жүрөктөгү кан соккондуктун белгиси болсо керек. Бул темалар сага жүз жолу уктасаң да түшүңө киргендей. Алар – сөзсүз чагылдыра турган, биринчи өзүңдүн аң-сезимиңе келе турган темалар. Бул - өзүңдүн улутуң, өзүңдүн жериң, өзүңдүн жашооң, турмушуң деп ойлойм.

«Мен кыргызмын, же мен муну тартышым керек» деген эмес, бул - адам өзү сүрөтчү болобу, же чыгармачыл болобу, ал тандаган тема өзүнө тарта турган ой-толгоо чордону болушу керек деп ойлойм.
Хасан Базаров. Грац, Австрия. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

- Көргөзмөңүзгө келип, өзүнүн ойлорун бөлүшүп, сизге жакшы каалоо-тилектерин айткандардын арасында өзбекстандык бийчи жигит Хасан Базаров (Бозоров) да болду.

Түркмөнстандан, Орусиядан, Украинадан, Монголиядан, Австриянын өзүнөн келишти.

Демек бул жактагы көп улуттуу жамаат сизди колдоп, сизге шерик болушту.

Мындайча айтканда, сиздин турмушуңуз менен эриш-аркак, өздөрүнүн баалуулуктарын дагы сизге берип жаткан жакшы замандаштарыңыз бар экен. Ошолор жөнүндө айтып берсеңиз?

- Менин бул жерде жашаганыма тагдырдын, жашоонун бир жолубу дейм, шамал айдап келдиби, насип экен дейбизби, мен ушул Австрияда жашап калдым.

Советтер Биримдигинин убагында чогуу жашаган мурдагы 15 союздук республикалардын бардык улуттарынын мүчөлөрү бар: армян, азербайжан, орус, беларус, украиндер, түркмөндөр, өзүңөр айтып кеткен монголдордон бери бар, бул жерде диаспорабыз бар.
Мугалим Гүлдар Натазова А.Тешебаевдин Грацтагы сүрөт көргөзмөсүндө. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

Ар бир айда айдын биринчи ишембисинде чогулушуп, ошол жерде отуруп, өзүбүз көбүнчө орусча ырларды ырдашып, орусча сүйлөшүп, улутубузга карабай СССР убагындагы элдердин өкүлдөрү ушул жерде өзүбүзчө чогулуп, майрамдарды бирге өткөрөбүз.

Маселен, 19-ноябрдагы менин көргөзмөмдүн ачылыш аземине келген ар кыл улуттардагы адамдардын көбү - өзүбүздүн диаспоранын мүчөлөрү.

- Эми эл-жериңизге кандай каалоо-тилек айтаар элеңиз?

- Эл-жеримде кечээ жакында парламенттик шайлоо болуп өттү, беш жыл ичинде эки жолу революция, төңкөрүш болуп, башка болуп атат.

Мен узакта жүргөндө көбүнчө силердин «Азаттыктын» интернет сайтыңардан тасма көрүп, кабар окуйм. Кээде түңүлөт экенсиң.
А.Тешебаевдин Грацтагы сүрөт көргөзмөсүнөн. Күрөш. 2010-жылдын 19-ноябры. TCh.

Элибизде башка жагынан, жакшы жагынан - жетишкендиги, билим, илим, өнөр жагынан дүйнөгө таанылса деп тилейм.

Кудай буюрса, жагымсыз учурлардын баарынан өтсөк керек, бул сыноолор дагы жашоонун мыйзам ченемдиги болсо керек.

Эми элиме бакыт, таалай, ынтымак, ар бир үй-бүлөдө токчулук болушун каалайм.

- Австрияда көргөн өзүңүздүн башка турмуш өрнөктөрүн мисалга алып, австриялыктардын кандай салты же сапаты кыргызстандыктарга дагы жукса деп ойлойсуз?

- Кыргызстандыктарга булардан жукса деп ойлогонум: Австрия мамлекетинин элинде, мисалы, митинг кылган болсо, алар өздөрүнүн талаптарын жазып алып, көчөгө чыгып, сүйлөп, эч кимге зыян кылбай, же мекемени талкалабай, тынч гана өзүнүн оюн, тилегин айтып, эч тоскоолдуксуз жыйын өткөрүшөт.
Сүрөтчү Асатилла Тешебаев Грац шаарында. Австрия. 2010-жылдын 20-ноябры. TCh.

Тогуз жыл жашап бул жерде көргөнүм - бул жерде мамлекеттин жогорку бийлигинде кандай мыйзам чыкса, ошону так аткарышат экен, мындайча айтканда, кабыл алынган мыйзам 100 пайыз иштейт.

Булар так жана мээнеткеч келишет.

- Урматтуу Асатилла Тешебаев мырза, Сизге мындан аркы албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
XS
SM
MD
LG