Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Футзал: кыргыз командасынын ийгилиги


Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын футзал боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын футзал боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.

Футзал боюнча ушул күндөрү Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан чейрек финалга чыкты.

14-февралда Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабияны 3:2 эсебинде утуп алды. Бул жеңиштен кийин кыргыз футзалчыларына чейрек финалда ойноого мүмкүнчүлүк ачылды.

Тайпалык тандоо мелдешинин акыркы оюну саналган Сауд Арабия менен Кыргызстандын улуттук курама командаларынын беттеши алгач кыргыз футзалчылары үчүн кооптуу башталды. Биринчи эле мүнөттө атаандаштар эсепти ачууга үлгүрүп, оюнда үстөмдүк кылуу аракетин көрүштү. Бирок, үч мүнөт өткөндөн кийин эле Рустам Ермеков эсепти теңесе, Ильяс Чотбаев атаандаштарынын дарбазасына таамай сокку узатып, өз командасын алдыга чыгарды. 38-мүнөттө Максатбек Алимов Кыргызстандын пайдасына үчүнчү голду киргизип артыкчылыкты бекемдеди. Буга жооп кылып Сауд Арабиянын оюнчусу Аль-Саад гол киргизип оюндагы акыркы эсепти жазып, беттеш 3:2 эсебинде кыргыз футзалчыларынын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстан - Сауд Арабиясынын футзал боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин урунттуу учурлары. 14.02.2016-ж.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Полховский шакирттеринин жеңишин кубаттап, атаандашты утуп алуунун сырларын ачты.

- Биринчи кезекте Сауд Арабиянын оюнчуларын тактикалык жактан утуп алдык деп эсептейм. Алар жеке оюнчу катары мыкты болгону менен команда катары ойноодо көйгөйлөр бар экенин жакшы түшүнгөнбүз. Албетте оюн учурунда биз алардын шаштысын кетирип, гол киргизип, биздин дарбазага да каршылаштар чабуул жасап гол киргизет деп күткөнбүз. Бирок, алар голду биринчи киргизери планыбызда жок эле. Шакирттерим кырдаалды оңдоп, жакшы оюн көргөзүштү. Оюн жыйынтыгына ыраазымын. Азия чемпиондугунун чейрек финалына чыкканыбыз үчүн жалпы кыргыз футзалынын өкүлдөрүн куттуктайм.

Футзал боюнча Азия чемпиондугу 10-февралда Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында башталган. Мелдешке Азиянын 16 өлкөсүнүн командалары катышып, 4 топко бөлүнүп ойношту. Ар бир тайпада алдынкы эки орунга ээ болгондор 1/4 финалда беттешет. Кыргызстан А тайпасында Өзбекстан, Ливан Жана Сауд Арабия менен мөрөй талашты. Буга чейин кыргыз футзалчылары алгачкы беттешинде ливандык атаандаштары менен 4:4 эсебинде тең ойноп, экинчи турда өзбекстандыктарга 1:2 эсебинде жеңилип калышкан эле.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын командасын жеңип алгандан кийин. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын командасын жеңип алгандан кийин. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.

14-февралда 3-турда Кыргызстандын атаандаштары - Өзбекстан менен Ливан командалары да ойноп, 2:0 эсебинде өзбек футзалчылары жеңишке жетишти.

3-турдагы беттештерден кийин Өзбекстан 9 упай менен биринчи, Кыргызстан 4 упай топтоп, экинчи орунда кийинки айлампага чыгышты.

Эми чейрек финалда Кыргызстан менен Иран командалары 17-февралда беттешет. Өзбекстан менен Ирак ойнойт. Иран тайпалык беттештерде Ирак командасын 13:2, Кытайды 7:0, Иорданияны 6:0 эсеби менен жеңип В тайпасында биринчи орунду алган эле.

Иран командасы Азия чемпиондугун 10 жолу утуп, 3 жолу коло медалын тагынган. Кыргызстандын футзал лигасынын президенти Ырыскелди Мусаев Азия чемпиондугунда азыркы ойногон кыргыз курамынын оюндарына жогорку баасын берип, атаандаштын арбын байге уткандыгына маани бербей, татыктуу таймашып жеңишке жетсе болорун белгилейт.

- Биз негизинен коргонуу системасында ойночу элек. Эмнегедир Сауд Арабия менен болгон оюнда чабуулга басым жасашты. Бул абдан жакшы көрүнүш. Иран менен болгон оюнда ушундай ыкма менен жакшы деңгээлде ойношсо болот. Коркпой, үркпөй, атаандаш менен бир деңгээлде ойнош керек. Күч атасын тааныбайт. Коркконго кош көрүнөт, кошу менен беш көрүнөт дейт. Коргонууну бекемдеп, контрчабуулга өтүшсө эле ийгилик биз тарапта болот.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугунда эки жолу төртүнчү орунду алып (2006-ж, 2007-ж), бир жолу коло медалды тагынган (2005-ж).

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун оюндары 21-февралга чейин уланат. Анда эң мыкты деп табылган беш команда сентябрда Колумбияда өтө турган дүйнө чемпиондугуна барат. Дүйнө чемпиондугу 1989-жылдан бери төрт жылда бир өткөрүлүп келет. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын менеджери Теңгелбес Мусаев Азия чөлкөмүнөн дүйнө чемпиондугуна бериле турган жолдомолордун бөлүштүрүлүшүн төмөнкүдөй түшүндүрдү.

- Жарым финалга чыккан төрт команда дүйнө чемпиондугуна жолдомону түз алышат. Ал эми бешинчи жолдомо чейрек финалда утулган төрт команданын ортосунда ойнотулат. Алгач эки беттешүү болот. Алардын жеңгени кайрадан жалгыз жолдомо үчүн ойношот.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы 2016-жылдын январь айынын аягында жарыяланган дүйнөлүк рейтингде Азияда 8-, Дүйнөдө 45-орунда жайгашканы маалым болду.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG