Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

Казакстанда "ипотекачылар" митингге чыкты


Митинг "Байтеректин" астында болду. 27-май, 2013

Астанада банктан кредитке үй алып, бирок карызын төлөй албай калгандар ачкачылык жарыялап, митингге чыгышты.

27-майда Астананын борборундагы «Байтерек» монументинин астына өздөрүн «ипотекачылар» деп атаган активисттердин ондогон өкүлдөрү чогулушту. Өкмөттүк имараттардын жанына келгендер эч кайсыл бийлик бутагы алардын муңун укпай атканын билдирип, акыркы чара катары ачкачылык жарыялашканын айтышат.

"Бул – ар бир казакстандыктын көйгөйү. 2005, 2006, 2007-жылдары кредит алгандар кризистин айынан жумуштан чыгып, кыскартылып калышкан", - деген бул активисттер экономикалык кризис үчүн алар жоопкерчиликти тартып жатканын айтышты.

Колдоруна «ачкачылык» деген жазуусу бар кагаздарды кармап отургандардын жанына прокуратуранын өкүлү келип, уруксат берилбеген митингге чогулгандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эскертти.

Митинг башталгандан 20 мүнөттөн кийин, бардык катышуучуларды полиция автобуска күч менен салып, алып кетти.

Полиция жалпысынан 35 адамды кармап кеткен болчу. Кечинде алардын көпчүлүгү 1700 теңге (ар бирине 12 доллардай) айыппул менен бошотулуп, Астанадан чыгарылды. Үч-төрт адам дале полицияда кармалып турганы кабарланууда.

“Азаттыктын” казак редакциясынын кабарчысы маалымдагандай, ачкачылык жарыялагандар каржы кризиси башталганга чейин алынган ипотекалык насыя пул үчүн карыздарды кечип салууну талап кылышты. Алардын ишениминде, коммерциялык банктар учурунда аларга өтө эле жогору үстөк менен үй сатып, алдын ала эле машакаты көп кредиттерди өткөрүп салышкан.

Өткөн аптада өлкөнүн ар кайсыл региондорунан Астанага мурда ипотека боюнча кредитин төлөй албай калгандар чогулган эле. 21-майда алардын жүздөн ашуун өкүлү Астанада өкмөттүн жана парламенттин имараттарына киргенге аракет кылышкан. Бирок митингчилерди ал жакка жакын жолотпой коюшкандан кийин, “Нур Отандын” кеңсесинде жолугушуу уюштурушту.

Анын эртеси “ипотекачылардын” ондогон өкүлдөрү өкмөттүн имаратынын маңдайында нааразылык акциясын өткөрүүгө да аракет кылышты. Аларды ал күнү да кармап, полицияга алып барышкан.

23-майдын түнү сот алар боюнча чечимин чыгарып, “Мүлктү элге калтырабыз” деген бул кыймылдын башчысы Эсенбек Уктешбаевди 10 күнгө, астаналык укук коргоочу Болатбек Биляловду жети күнгө камады. “Ипотекачылардын” дагы эки активистин айыппулга жыккан чечимин чыгарды.

Казакстанда ипотека алгандар менен байланышкан алгачкы нааразылык толкуну 2008-жылдагы кризистен кийин бир-эки жылда кескин курчуп, анын жыйынтыгында өкмөт абалды турукташтыруу боюнча аракеттерди көргөн болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG