Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

COVID-19. «Азаттык»: Айтылуу Бүбүкан Досалиева дүйнө салды


Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана «Азаттык» үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

1995––2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматынын «Азаттык Медиа» мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди. «Азаттыктын» сыналгы берүүлөрүнүн далай ийгиликтери анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Б.Досалиеванын Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө, кыргыз маданиятына кошкон зор салымы жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамын (2005) алган эле. Ал Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги (1994) болгон.

«Азаттыктын» жамааты Бүбүкан Досалиеванын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана үзөңгүлөштөрүнө терең айгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG