Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Дүйнөдөгү эң популярдуу куурчак жарым кылымдык мааракесин белгилөөдө


9-мартта айтылуу Барби куурчагы 50 жашка толду. Барби Миллисент Робертс АКШнын Висконсин штатында пайда болгон. Кичинекей кыздардын сүймөнчүгүнө айланган Барби, арийне, айрым коомдордо көптөгөн талаш-тартыш жаратып келатат.

Барбинин мааракеси дүйнөдө кеңири белгиленип жатат.

Бул күнгө карата атайын ачык кызыл түстөгү “50” деген жазуусу бар футболкалар чыгарылды.

Малибуда куурчактын чоң “Кыял үйү” тургузулду. Калифорнияда парад, куурчактардын шоулары уюштурулууда.

Майрамдык иш-чараларга Голливуддун жылдыздары, супермоделдер, белгилүү адамдар чакырылган.

“Маттел” фирмасы алгачкы Барби куурчагын 1959-жылдын 9-мартында чыгарган.

Анда ал кара-ак түстөгү купальник кийип, көз айнек тагынчу. Кийин анын жолдошу Кен да ойлоп табылган.

Куурчактын автору Рут Хандлер аларга өз балдарынын аттарын берген. Ошондон бери куурчак жүздөгөн кийим кече, ошончолук эле кесип алмаштырууга үлгүрдү.

Азыр Барбинин түрлөрүн, түрдүү улуттарын, медсестрадан баштап вице-президенттикке талапкерге чейин жолуктурса болот.

Айтмакчы, аскер Барбинин униформасы Пентагон тарабынан расмий жактырылган.

Эң биринчи Барби 3 эле долларга сатылса, 2006-жылы анын баасы 17 миң долларга жеткен.

Дал ушундай баага 1959-жылы чыккан куурчак Лондондогу Кристи аукционунда сатылган.

Азыр Барби дүйнөдөгү эң популярдуу оюнчук. Ар бир секундада дүйнөдө 2 Барби куурчак сатылат.

Статистикага ылайык, 3-11 жаштагы америкалык бир кызга 8 Барби туура келет. Жалпы жонунан 50 жыл ичинде куурчактын 1 миллиарддан ашык даанасы сатылган.

Мааракенин алдында чыккан Барбини Германиянын канцлери Ангела Меркелге окшоштуруп жасашкан.

Бирок куурчактын сынчылары да жок эмес.

Айрым аялдар аны антифеминист деп аташууда.

Башкалары болсо куурчакты туурайбыз деп арыктаган кыздардын көбөйүшүнө тынчсызданышууда.

Маселен, Сара Берж аттуу аял Барбиге окшош боломун деп пластикалык хирургиялык амалдарга дээрлик 500 миң доллар короткон.

Иранда бул оюнчукту өлкөгө алып келүүгө тыюу салынган.

Андай буйрукту Ирандын баш прокурору былтыр апрелде өзү чыгарган.

Прокурордун оюнча, Барби жергиликтүү мусулмандык маданиятка терс таасир тийгизет имиш.

Балдар менен жаштардын инттелектуалдык өнүгүшүн тейлеген Улуттук агенттик болсо Барби менен Кендин өз вариантын – Сара жана Дара деген куурчактарды иштеп чыккан.

Бири жоолук салынса, экинчиси колуна Куран кармап жүрөт.

Бирок асманга жеткен баага жана тыюуга карабай, “Нью-Йорк таймстын” жазганына караганда, Барби Иранда да балагатка чыга элек кыздар үчүн эң популярдуу куурчак.

XS
SM
MD
LG