Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Блинкен менен Кулеба НАТО саммитин, Киевдин контрчабуулун талкуулады


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба телефондон сүйлөшүп, НАТОнун алдыдагы саммитин, Киевдин контрчабуулун талкуулашты. Бул тууралуу Блинкен Твиттердеги баракчасына жазды.

"Ушул жумага белгиленген НАТО саммитин утурлай Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен маанилүү сүйлөшүү болду. НАТОнун Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн андан ары колдоо маселелерине арналган Вильнюстагы жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам", - деп жазды Кошмо Штаттарынын мамкатчысы.

Кулеба өз кезегинде бул сүйлөшүү жемиштүү болгонун белгиледи.

"Саммит болоруна 48 саат калды. Биз баарыбызга, Украина, НАТО жана глобалдык коопсуздукка жеңиш алып келген чечимдердин үстүндө иштеп жатабыз. Мен АКШга керектүү ок-дары камтылган кезектеги коргоо жардамы үчүн ыраазычылык билдирдим", -деп жазды Кулеба Твиттердеги баракчасына.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дипломаттар "Киевдин контрчабуулун" дагы сүйлөшкөнүн билдирди.

Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Вильнюстагы саммитте Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүн тездете турган программа кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Столтенберг мүчө мамлекеттердин лидерлери үч баскычтан турган программаны колдоп берерине үмүттөнөрүн белгилеген.

Литванын борбор шаарындагы эки күндүк жыйынга украин президенти Владимир Зеленскийдин катышары болжолдонуп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошулуусу боюнча бирдиктүү жообун бере элек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

Чыгыш Европадагы мамлекеттер согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болуу тууралуу Украинанын сунушун колдоп келет. Ал эми альянстын негизги державалары 2008-жылы берген убадаларын сактай турганын билдиришкен. Анда Украинанын НАТОго кошулуусу кайсы бир мөөнөт менен чектелбеши керек экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG