Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Бөлүнгөн жүрөк же Кара Ибрагим баяны


Журналист жана музыка өнөрпозу Карамат Токтобаева ооз комузда ойноп жаткан кез. Прага, 2008-жылдын 25-марты. JCh.
Журналист жана музыка өнөрпозу Карамат Токтобаева ооз комузда ойноп жаткан кез. Прага, 2008-жылдын 25-марты. JCh.

Учурда Борбордук Европада жашаган кыргыз журналисти жана публицисти Карамат Токтобаева Болгариядагы Осмон дөөлөтү аттандырган “жаңы черүүлөрдүн” (түркчө “йени чери”, славянча “янычар”) бири тууралуу тасма, болгарлардын дини жана ислам жөнүндө ой толгоосун сунуштайт.

Кайсы бир жылдары Болгарияга баскынчылык менен келген түркиялыктар алардын жерин эле ээлеп тим болбой, элин, тилин жок кылып, дилин, динин да өзгөрткүлөрү келгени аңыз кеп болуп келет.

(«Осмон түрктөрү ушундай жорук жасады» деген доолорду, албетте, азыркы түркиялыктар четке кагат).

Ошондо осмон бийлиги болгар элинин өз уулунан аткаминер даярдап, чоңойтуп, аны өз элине карай аттантат.

Болгар көркөм фильми ушул жерден башталган.

Алиги аткаминер киндик каны тамган жерге келип, алгач балалыктын издери калган жерин көрөт, бирге ойногон курбусун тааныйт, жатындаш инисин, карындашын, атасын жолуктуруп, өзү кабыл алган мусулман динин кабыл алууга үндөйт.

Бөлөк элге күч менен барып, өз элине боор толгомок тургай кайра чоочун болуп калган «өздөн чыккан жаттын» мындай түрүнөн корккон жакындарынын шүйү качып, жакындамак тургай андан жаа бою качышат.

Ошондо каары кайнаган Кара Ибрагим кабыл тутпаган өз элин катуу жазага ала баштайт.

Жазанын катуу түрү – эки бутун эки азоо атка байлап койо берүү, кишини тирүүлөй жыгач казыкка отургузуу: ал тургай султандан конок келсе, аларга жагынуу иретинде динди кабыл кылбаган өз атасын түбү терең кудукка салдыруу сыяктуу зомбулук чараларга барат.

Так ушул маалда чуркап келген мусулмандын «оо кокуй, өз атасынын жанын кыйуу шариятта жок, кечирилгис чоң күнөө» дегенине карабай көздөрү канга толгон Кара Ибрагимдин канкор иш аракети тасмада айрыкча сүрөттөлөт.

Чыгарманын канчалык чындыгы бардыгын, канчалык шөкөттөлүп-көркөмдөлгөнүн ким билсин. Бирок болгар эли бир убакта осмон түрктөрдүн эзүүсүндө болгону анык.

А бирок ошондой кыйноого, көп кылымдык баскынчылыкка карабай ушу кезге чейин болгарлыктардын басымдуу көпчүлүгү мусулманчылыкты кабыл алышпаганын көрүп таң калдым.

Тескерисинче: ошол кезден бери Болгарияда жашап калышкан айрым түрктөр тилин унутуп баратышыптыр.

Ар бир элдин түбөлүктүүлүгү мына ушундай улуулукта экенин түшүндүм.

Дегеним - мен деле мусулманмын. Башка жерде жашап, динимди алмаштырайын, дилимди өзгөртөйүн деген деле ниетим жок.

А бирок алакандай кыргыз элинин ортосунда кээде дин жагынан жик түшүп башка динди кабыл алып кеткен учурларды «эмнеден улам болду?» деп өзүмө өзүм суроону көп койчу болдум.

Ушинтип баарыңарга собол кылгым келет. Эмне үчүн мусулман дининен көбү баш тартып кетишет?

Саламым менен,

Карамат Токтобаева.

(Окурманыбыздын бул серебиндеги пикир сөзсүз эле "Азаттык" үналгысынын пикири катары кабыл алынбашы керек. Ага кайчы келген же аны колдогон пикирлериңиздер болсо шеринебизге жолдой аласыздар).
XS
SM
MD
LG