Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Москва Болгария элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды


Болгариянын Орусиядагы элчиси Атанас Крастин. 6-ноябрь, 2018-жыл. Москва.
Болгариянын Орусиядагы элчиси Атанас Крастин. 6-ноябрь, 2018-жыл. Москва.

Москва болгариялык дипломатты өлкөдөн чыгарарын билдирди. Орус бийлиги Москвадагы Болгариянын элчиси Атанас Кристинге өлкөдөн чыгып кетүүгө 24 саат берилгенин Болгариянын Тышкы иштер министрлиги 5-декабрда билдирди.

Беш жума мурда София тыңчылык чуусуна байланыштуу орус атташесине виза бербей койгон. Андан мурда дагы бир орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберген.

Болгариялык прокурорлор ошондой эле орусиячыл депутат Николай Малиновду арам акчаны адалдоого жана Москва менен тыгыз кызматташып келген эки мекемеге мамлекеттик сырларды билдирип салганы үчүн айыпташкан. Мындай дооматтарды четке каккан Малинов ноябрдын башында Кремлге чакыртылып, президент Владимир Путиндин «Достук» ордени менен сыйланган.

Бир кезде Москва менен жакшы алакада болгон Болгария 2004-жылы НАТОго, 2007-жылы Евробиримдикке мүчө болгон.

XS
SM
MD
LG