Бораттын жаңы тасмасында Казакстан делинген жерлер иш жүзүндө Румыниянын айылдарында тартылган. Фильмде Казакстандын тургундары жылкынын заарасын ичип, адамдын сүтүнөн быштак жасашат.
Борат америкалыктардын кээ бир сапаттарын да шылдыңдайт. Эпизоддордун биринде аны ковбойлордун мелдешине чакырышат. Учурдан пайдаланып, ал микрофонду тартып алат да, “Кол башчыңар Жорж Буш террорист эркектерди, аялдарды, балдарды кырып, канын ичсин деп”, Американы мактайт.
Дагы бир жерде болсо ал сый тамакта отруп алып, үстөлдөгүлөрдүн бардыгын бирден мазактап чыгат.
«Нью-Йорк таймс» гезити фильм америкалык көрөрмандарга жагат болушу керек деп болжолдойт.
Казак президенти Нурсултан Назарбаeвдин АКШдагы сапары маалында Борат журналисттерге кошулуп алып, Казакстандын Вашингтондогу элчилигинин жанына барып, элчиликтин маалымат катчысы Роман Василенко менен жолугушкусу келгенин айткан. Борат “Өзбек калпычы” деп атаган Василенко "Азаттыктын" кабарчысына айткандай, адегенде Астанадагы расмий адамдар Бораттын кылыктарына нааразы болуп келишкен. Бирок эми алар артист Казакстанды шылдыңдабаганын түшүнүштү.
"Казак өкмөтүнүн алгачкы реакциясы өзгөрүүдө, себеби алар бул сатира экенин түшүнүштү. Казакстан эмес, башка бир өлкө жөнүндөгү сатира. Казакстан дегени бул жөн гана артисттик табылга, - дейт дипломат.
Казакстан өзүн дүйнөгө таанытуу үчүн миллиондогон акча сарптап келатат. Өкмөт өлкөнү заманбап, динамикалык кылып көрсөтүү максатында АКШнын, Европанын гезит-журналдарына рекламалык макала, жарыялаларды байма бай бастырып жүрөт.
Балким, Бораттын фильминен кийин Батыштын эли Казакстанга көбүрөөк кызыга баштайт. Жаман реклама болбойт деген сөз бар эмеспи.
Бирок казактардын көбү Бораттын сатирасын жактырышпайт.
Фильмди казакстандын өзүндө көргөзүү пландары барбы?
Василенконун айтымында, бул менчик компаниялардын чечимине жана маданият министрлигинин тыюу салып-салбашына байланыштуу болмокчу.