Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Чек ара коопсуздугу колдон чыгып баратабы?


Бир катар саясат талдоочулар Кыргызстандын түштүгүндөгү соңку окуялар, анын ичинде 26-майда Өзбекстандын Ханабад шаарындагы окуя бири-бирин улаган, коштогон, кандайдыр бир деңгээлде байланыштуу маселе экендигин айтышууда. Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытовдун айтымында, булардын кандайдыр бир-байланышы болушу мүмкүн, бирок чынында булар эки башка маселе.

Айрым талдоочулардын пикиринде Кыргызстандын түштүгүндөгү коопсуздук жаатындагы абал кыйла кооптуу. Ошол себептүү көптөгөн жылдар бою бийликтин көңүл коштугунун айынан топтолуп отурган проблемалар акырындап соңку жылдары ачыкка чыгып келатат.

Айта кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен облусуна Тажикстан тараптан чакан куралдуу топ кирип, кыргыз армиясын кыйла жүдөтүп жиберген. Анда да бир катар талдоочулар өлкөнүн күч органдары алсыздыгын көрсөткөнүн айтып, түштүктө көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып чыгышкан. Ошол эле убакта Өзбекстандын согуштук учактары, “Кыргызстанда жашырынып жүргөн куралчан топтор Өзбекстанга өтүүгө аракеттенип жатышат” деген шылтоо менен Чоң-Алайдагы Кара-Тейит айылын бомбалоого алышкан эле.

Кийин да Өзбекстан тарап өз аймагында тыюу салынган уюмдар Кыргызстанда кадимкидей иштеп атышканын, кыргыз бийлиги аларды жөнгө салуу маселесине келгенде көңүл коштук кылып атканын айтылган маалыматтар чыгып келген.

26-майда Өзбекстандын Ханабад, Анжиян шаарларында, жардыруулар, ок атышуулар болуп, Өзбекстан тарап чакан куралдуу топтор кол салуу уюштурушканын, алар Кыргызстан тараптан келишкенин айтып чыгышты.

Кечээ Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук комитетинин жыйынына катышкан Чегара кызматынын төрагасы Токон Мамытов мындай маалыматты төгүндөдү:

“Кыргызстандан келди деген жарыясы чындыкка жатпайт. Бул бир. Экинчиси, эгер конкреттүү фактылары болсо бизге беришсин. Биз аны жеке өзүбүз эмес, алар менен биргелешип чогуу топ түзүп, ушул жерден чогуу тергөө иштерин жүргүзгөнгө даярбыз. Керек болсо алар айтып берген маалыматтарды тактап, ага тиешелүү кишилер болсо кармап берүүгө да макулбуз. Бирок фактылары жок да. Бул жөн эле Кыргызстандан келди деген, чындыкка жатпаган сөз”,- дейт Токон Мамытов.

Ошентсе да Кыргызстандын түштүгүндө ар-кыл шектүү уюмдардын ишин көзөмөлдөө иштери жакшы эмес, андыктан Кыргызстанда жашырынып жүргөн жашыруун уюмдардын өкүлдөрү өзбек тарапка өткөн болушу мүмкүн деген пикирлер бар. Жалал-Абад облусунун тургуну Талант Кемеловдун айтымында, түштүктө андай уюмдар ээн-эркин эле жүрүшөт:

“Менин оюмча, өзбек бийлиги толук туура айтпаса да кайсы бир деңгээлде туура эле айтып атат го. Ошол куралчан топтордун негизги базасы бизде болушу мүмкүн. Анткени, ошол экстремисттик деген топтор түштүктө эркин эле жүрүшөт. Өзбекстанда антип жүрө алышпайт эле”,- дейт Талан Кемелов.

Ал арада маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Ханабад жана Анжиян шаарларындагы ок атышуу жана жардырууларда 16 адам набыт болгону тууралуу кабарланууда. Чегара кызматынын берген маалыматы боюнча, эки өлкөнүн чегарасы учурда күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Айрым саясатчылар Чектеги жер талаштан чыккан маселе, дегеле талаштуу жерлер маселеси менен Ханабад, Анжияндагы окуялардын байланышы бар экенин айтышууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиевдин пикиринде, Өзбекстан 26-майдагы окуяны атайылап өздөрү уюштуруп, чегара маселесин ушундай жол менен чечип алгысы келип аткан болушу ыктымал.

Чегара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун пикиринде, мындай болуу ыктымалдуулугу азыраак, анткени талаштуу жерлер менен Анжиян, Ханабаддагы окуялар эки башка нерселер.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин божомолунда, Ханабад, Анжияндагы окуялар чоң саясат болушу да мүмкүн. Анын ырасташынча, Кыргызстандын күч органдары түштүктө тез арада стратегиялык иш-чараларды уюштуруш керек. Кокус Тажикстанда күчөп аткан согушчан топтор Баткенге кайрадан кире турган болсо, Өзбекстан аскерин Кыргызстан аймагына киргизиши да ыктымал:

“Тетиги Тажикстанда Абдулла молдо деген согушчан күчөп атат. Согушчандары көбөйүп атканы айтылып атат. Ким билет, кокус алар президенттик шайлоонун алдында Баткенге кирип кетише турган болсо, Өзбекстан бийлиги Токтогул суу сактагычын коргойбуз деген шылтоо менен аскерлерин Кыргызстанга киргизиши мүмкүн. Анда абал өтө курчуп кетет”,- деди Марс Сариев.

XS
SM
MD
LG