Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Каржы дүйнөсүнүн азилдери




* * * * * * *

- Урматтуу дарыгер, көзүмдү текшерип бербесеңиз болбой калды.
- Эмне болуп кетти?
- Көз кургур бузулду. Дүкөнгө кирсем эле тавардын көптүгүнөн көзүм ар кайсы жакты алаңдап карап тим эле чачырап кетчүдөй болот. Анан тавардын баасын карай баштасам көзүм тим эле төбөмө чыгып кетет. Буюм сатып алайын деп капчыкты карасам – деги эле эчтеке көзгө көрүнбөйт...



* * * * * * *

Чык татырбас Чынарбай банкка келип, өз эсебиндеги акчанын баарын чыгарып кетиптир.
Бир сааттан кийин күшүлдөп кирип келип, акчаны чып-чыргасын коротпой кайра өткөрүптүр.
- Чынарбай мырза, сиз бир да сомду короткон эмессиз го?
- Мен жөн эле силерге сактаган акчам толук бекенби, текшерейин деп алып кеттим. Баары жайында экен, бүт эсептеп чыктым, айланайын!

* * * * * * *

- Сиз ансыз деле банктан насыя акча алмак экенсиз. Эмнеге мыйзам бузуп, курал менен коркутуп акча алып кетүүгө далаалат кылдыңыз, - деп сот айыпталуучудан сурады.
- Туура айтасыз. Каракчылык деле кылмак эмесмин. Бирок насыя акча алуу үчүн акыркы суроого эч жооп таба албай койдум да!..
- Ал эмне суроо экен?
- “Чоң атаң кайсы күнү саат канчада туулган?” деген суроо болчу...

* * * * * * *
XS
SM
MD
LG