Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Көктөм маалындагы азилдерден


* * * * * * *

- Ата, эмне үчүн Ноорузда Аяз Ата жок?
- Ал күн-түн теңелгенде эрип кетти да.
- Аяз кызчы?
- Ал деле ошондой. Эрип кетти, бечара!
- Алардын таттуу-паттуу белегичи?
- Белектери да эрип сүмөлөк болуп калыптыр.

* * * * * * *

- Чоң ата, чоң ата!
- И-и, секет кетейин, эмне дейсиң?
- Сиз кээде "кудай каарыды" деп каласыз го. Мугалимден сурасам ачык айтпай койду. Кайсы убакта ошентет?
- Эгерим кайсы бир пендеси текеберленип "кыш таптакыр болбойт" деп жар салса, ошондо анык кудай каарыйт.


* * * * * * *

- Ой, жаңы келинибиз алтүндө боорду эзди да, эзди!
- И-и, эмине болуп кетти?
- Ал жалаң орус мектептерде окуп жүрүп кыргызчасы чала болуп калса да, аябай аракет кылып жүрөт. Кечээ кайната-кайненесине "Спокойной ночи!" ("Түнүңөр бейпил болсун! Жакшы жатып, жакшы уктаңыздар") деп орусча айтты да.
- Жакшы. Анын эмнесине таң каласың?
- Койо турсаң. Андан ары ал кыргызчасын да минтип кошуп жатпайбы: "Жаткан жериңиздер жайлуу болсун!" - деп...


* * * * * * *
(Жыйнаган - Т.Ч.).
XS
SM
MD
LG