Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Орусиялыктар күлөт...


Орусиялыктардын соңку азилдеринен

Социологдордун соңку иликтөөсүнө караганда, Орусиядагы коррупцияга каршы өнөктүк канчалык тереңдеген сайын алыскы Лондондун калк саны кескин көбөйүп жатат.

* * * * *


Челябинскиде жаз мезгили өзгөчө "кылыктанат": шаарда унаанын баткагын тазалоого кеткен акча күйүүчү майга корогон акчадан алда канча көбүрөөк.

* * * * *


"Жигули" чет элдик машиналардан канчалык арзан болсо, кыймылдаткычы ошончолук катуу өкүрүп турат.

* * * * *


- Бийликтер эми рублди конвертацияланчу акчага айлантууну көздөп жатат.
- Демек, мындан ары рублди эркин эле конвертке салып аларга берип турат экенбиз да, анда?

* * * * *

Падышалык Орусиянын абагында. Бир сааттан соң дарга асылганы жаткан ыңкылапчыга диниятчы келет.
- Карагым, мен Кудай менен баарлашууң үчүн азыр бар көмөгүмдү берейин деп келдим.
- Сиздин кызматыңыздын эч кажети жок. Бир сааттан соң мен ортомчусу жок эле баарлашып алам.

* * * * *
(Ар кыл орус тилдүү басылмалардан алынды).
ТЧ.

XS
SM
MD
LG