Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Тажикстанда өзбек ишмер сабалды


Өзбек жана тажик бийликтерин ачык сындаганы менен таанылган Салим Шамсиддинов Коргон-Төбөдөгү үйүнүн жанында токмоктолду.

Шамсиддинов өзүн өтүп бараткан милиция арачылап калгандыгын билдирди. Анын Тажикстандагы өзбектердин корунун төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган күнү, үч киши тарабынан ишембиде токмоктолушу тууралуу айткандарын жергиликтүү бийликтер да бышыктады.

Кесиби юрист Шамсиддинов бир эле мезгилде Хатлон областындагы өзбектердин корунун жетекчилигинен да өзү жокто алынганын билдирүүдө. Ооруканага баргандан корккон өкүл буту-колунан, башынан алган жаракатына карабастан, үйүндө дарыланууну чечти. Улуту өзбек Шамсиддинов өзүнүн сабалышына тажик бийликтерин Өзбекстан менен алакасын начарлаткан саясаты үчүн сындаган маеги себеп болду деп эсептейт:

Мага көчөдө жүргөн адамдар кол салган жок. Менин маектерим үчүн бутага алышты. Бул кол салууну өйдө жактагы чоңдордун бири уюштурган болушу мүмкүн.

Тажик басма сөзүндөгү, анын ичинде “Милат” же "Улут" гезитиндеги маектеринде Шамсиддинов тажик өкмөтүндө айрым атка минерлер “улутчул” саясат жүргүзөт деп айткан эле. Ал Өзбекстан каршы болгон Рогун ГЭСин бүтүрүү долбоорун да сынга алган.

Ал ошондой эле өзбек жана тажик бийликтеринин улуттук азчылыктарга карата саясатын “геноциддин бир түрү" деп мүнөздөгөн.

Тажикстандагы Өзбектер кору өз билдирүүсүндө Шамсиддинов кордун эмес, өз пикирин билдиргендигин белгилеп, ошол эле убакта анын көз караштарына колдоо билдирди. Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы алакаларда суу, унаа жолдору жана энергетика тармактарында талаштар көп.

XS
SM
MD
LG