Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Өзбекстандын Нарыны Таш-Көмүрдүн кара алтынына зар


Терезесине муз тоңгон автобустагы балдар. Өзбекстан, 4-февраль, 2012-ж.
Терезесине муз тоңгон автобустагы балдар. Өзбекстан, 4-февраль, 2012-ж.

Өзбекстанда Нарын району бар. Кыргызстандагы Нарынчалык суук болбогону менен үстүбүздөгү күндөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы бул аймакта көмүр, электр жарыгы, отун жетпей, эл кыйналып жатат. Таш-Көмүрдүн сапаттуу көмүрүнө жете албай кыйналган намангандык окумуштуу бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбор Азияга интеграция керектигин айтат.


Расул Абдымажитов жаш кезинде алпинист болуп, Ала-Тоонун бир далай чокуларын багындырган. Ал Нарын аймагына баргандыктан, ал жактын суугун жакшы билет.

- Нарында суук, мен албетте, аны абдан жакшы билем, алпинист болуп баргам. Нарын шаарында болгом. Эли абдан карапайым. 1976-жылы өзбек, грузин алпинисттери болуп, Хан-Теңгри чокусуна чыкканбыз. Нарын дайрасы ошол жактан башталат эмеспи. Ал жакта суук, себеби деңиз деңгээлинен өтө бийик турат.

70 жаштагы намангандык окумуштуу бүгүн Кыргызстанды башка себептерден улам көп эстечү болду.

Кыш чилдесинде өзү жашаган кыргыз-өзбек чек арасындагы Нарын шаарына жакындан бери газ келбей калды. Анын кесепетинен, үйдө тургай, мектептерге окуучулар үйүнөн отун алып келүүгө милдеттендирилди:

- Менин неберем экинчи класста окуйт, мектептен улам-улам отун
сурашат. Жума сайын 1 окуучу 1 жарым килодон отун алып барыш керек экен
.

Газ жок, электр кубаты жетпей калгандан кийин нарындыктар көмүр жага башташты. Наманганга көмүрдү Ташкенге жакын Ангрен кенинен алып келишет. Арийне, бул көмүрдүн сапаты өтө төмөн болгондуктан, үй жакшы жылыбай тургандыгын окумуштуу айтат:

- Өзбекстанда азыр бизге жаратылыш газынын ордуна ангрен көмүрүн берет. Бул көмүр кубаттуу отун болушу үчүн дагы 60 миллион жыл жер астында жатышы керек эле. Эми болсо майда, табы таптакыр жок.


Сууктан окуучулар мектепке отун алып барышат.
Сууктан окуучулар мектепке отун алып барышат.
Экономика илимдеринин кандидаты болгон геолог Ангрен көмүрүн күйгүзө албай кыйналганда, Кыргызстанда чыккан көмүрдү эстейт. Себеби бул көмүрдүн табы 3-4 эсе жогору:

- Өзбекстанда элге сатылган ангрен көмүрүнүн күчү 2 миң килокалория болот. Ага салыштырганда жыгач отундун бир кили 3 миң килокаллория жылуулук берет. Ал эми Кыргызстандын Таш-Көмүр кенинен чыккан көмүр чыныгы көмүр болуп саналат. Ал 6 миң килокалория жылуулук берет. Антрацит сорту болсо, 8 миң килокалория болот.

Нарын шаары Таш-Көмүрдөн болгону 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Бирок Таш-Көмүрдүн кара алтыны бүгүн Абдымажитовдун жердештеринин көзүнөн учуп турган чак:
Кыргызстандын көмүрү күчтүү, Өзбекстанда жер семирткич бар, алакалаш болсок, эки жак тең утмак...



- Таш-Көмүрдөн көмүр алат элек, канча аракет кылышты. Мүмкүн эмес. Бажы салыгы деген бар, аскерлер кайтарып турат.

Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларында эл аралык экономикалык байланыштар боюнча дарс окуган окумуштуу 2003-жылы Борбор Азиядагы интеграциянын зарылдыгы тууралуу илимий макаласын жарыялаган. Ал чөлкөмдүн өлкөлөрү ынтымакташып оокат кылса, элдин турмушу бүгүнкүдөй оор болбостугун айтып өкүнөт:

- Мисалы, көмүрдүн запасы боюнча Кыргызстан биздин аймакта биринчи орунда турат. Өзбекстанда химия тармагы бар. Кыргызстанга бул тармактан жер семирткич керек. Ал эми бизге энергия булагы, Таш-Көмүрдө чыккан көмүр керек.

XS
SM
MD
LG