Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Ахметов Назарбаевден кечирим сураганына карабай кесилди


Cерик Ахметов премьерликке бекиген учур. Астана, 24-сентябрь, 2012-жыл.
Cерик Ахметов премьерликке бекиген учур. Астана, 24-сентябрь, 2012-жыл.

Казакстанда мурдагы өкмөт башчы Серик Ахметов он жылга эркинен ажыратылды. Экс-премьер баштаган 21 адамдын кылмыш иши боюнча төрт айга уланган сот ушул жума күнү Караганда шаарында жыйынтыкталды.

Элүү алты жаштагы Серик Ахметов Казакстандын өкмөт башчысы кызматын 2012-2014-жылдары аркалаган. Коррупция боюнча айыпталган мурдагы премьерди прокурорлор 12 жылга кесүүнү суранышкан. Караганда облусунун райондор аралык сотунун жума күнкү өкүмү менен ага он жылдык түрмө жазасын чегерилди.

Сот өкүмүнө ылайык, мурдагы премьердин үй-мүлкү да конфискациялануусу керек. Буга чейин үй камагында болгон Серик Ахметовду судья дароо эле сот залынан абакка отургузуу чечимин да чыгарды.

Көңүл бура турган жагдай: сот жараяндын жүрүшүнө өзүнө коюлган айыптарды четке каккан Серик Ахметов акыркы сөзүндө президент Нурсултан Назарбаевден кечирим суроо менен ага ырайым берүүнү өтүнгөндөй таасир калтырган эле:

- Мен биздин өлкөнүн башчысы, президент Нурсултан Абишевич Назарбаевге, өзүмдүн насаатчым менен устатыма кайрылгым келет. Анын ишенимин аткара албаганым үчүн мен Нурсултан Абишевичтен чын ниетим менен кечирим сурайм. Моралдык жоопкерчилигим бардыгын, анын ичинде мага байланыштуу Караганда облусунда ушундай абал түзүлгөнүн түшүнөм. Эгер сот жана биздин мамлекеттин башчысы, урматтуу Нурсултан Абишевич менин катарга кайтуума мүмкүндүк берсе, өз билимим менен тажрыйбамды мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө колдонуп, өзүмдүн таза ысымымды калыбына келтирүүгө даярмын. Кандай болгон күндө да мен биздин өлкөгө, элге жана улут көсөмүнө берилген бойдон калам.

Серик Ахметов биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө ылайык, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан беш жылга да ажыратылды.

Мурдагы премьер баштаган 21 адам, анын ичинде Караганда облусунун мурдагы бир нече жетекчиси жана жергиликтүү ишкерлер кызмат абалынан кыянат пайдаланышкан, бюджеттик каражаттарды уурдаган, ишкердик менен мыйзамсыз алектенишкен деп айыпталышкан эле.

Ахмедов баштаган чиновниктердин соту.
Ахмедов баштаган чиновниктердин соту.

Прокурорлор Серик Ахметовду ири өлчөмдө пара алды деп да күнөөлөнгөн. Бирок бул айып сот жараяндын жүрүшүндө кайра алынды.

Мурдагы премьер менен кошо Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев беш жылга кесилди. Соттогу акыркы сөзүндө ал дагы президент Нурсултан Назарбаевден кечирим сураган болчу:

- Мен президенттин, улут көсөмүнүн жоокери болгом жана жоокери бойдонмун. Элге жана президентке ак кызмат кылганмын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, улут көсөмүнөн, өлкө президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевден, бүгүн менин таза ысымым булганганы жана башка бирөөлөрдүн жалган жалаасынын курмандыгы болгонум үчүн кечирим сурайм.

Соттолгондор менен коштошуу

Назарбаев кечирим берип, бербегендер

Казакстанда кылмыш жоопкерчилигине кириптер болгон мурдагы жогорку даражалуу чиновниктердин, министр, губернаторлордун сотто күнөөсүн моюнуна албаса да, президенттен кечирим суроосу тенденциялык мүнөзгө ээ болуп бара жаткан көрүнүш.

Назарбаевден кечирим сурагандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов мунун себебин төмөнкү факторлор менен түшүндүрөт:

- Биз эки факторду эске алуубуз керек. Биринчи фактор - бул Казакстанда калыптанып калган азыркы саясий система. Экинчи фактор - мурдараак ишкерлер менен жыйын курган кезинде президент мен кимиңерди болсо да сотко алып бара алам деп айткан. Эл анда президент ишкерлер тууралуу эле айтып жатат деп ойлоду. Менимче, ал залда отургандардын баарын эске алды. Казакстанда министрлер менен акимдердин тегиз баары деп айтпайын, бирок көпчүлүгү ошол облустагы же райондогу эң кирешелүү бизнестин башында отурганы белгилүү. Бизнеске ал аялы же баласы, жээни же күйөө баласы аркылуу аралашат. Мунун түпкү себеби кайра эле келип, саясий системада жатат. Эгер сот өкүмдү Конституцияга, мыйзамга, моралга, адилеттүүлүккө негиздеп чыгарса, Серик Ахметов кечиримди президенттен эмес, судьядан сурамак.

Амиржан Косанов “Азаттыктын” казак кызматы уюштурган талкууда Казакстанда коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрөрүн кошумчалап, Серик Ахметовдун кылмыш жоопкерчилигине кириптер болушу кландар ортосундагы күрөштүн натыйжасы деп болжолдоду.

Ахметов Казакстандын көз карандысыздык доорунда соттолгон экинчи премьер-министри болду.

Буга чейин 90-жылдары реформачыл премьер атыгып, кийин оппозицияга өтүп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон Акежан Кажегельдин сырттан кесилген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG