Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Укук коргоочулар Британия Өзбекстанга курал беришине каршы


Ооганстандагы британ аскерлери.
Ооганстандагы британ аскерлери.

Адам укуктарын коргоочу айрым эл аралык уюмдар диктатордук өлкөгө курал-жарак калтырылышын каалабайт.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү 2014-жылы аскерлерин Ооганстандан чыгарууга камданууда. Чыгарылган аскерлердин курал-жарактарынын бир бөлүгү Борбор Азия мамлекеттеринде калтырылмакчы. Буга чейин Улуу Британия Ооганстандан чыгууда кургак жана темир жолдорун пайдаланганы үчүн Өзбекстанга аскерий жабдуу бергени жатканы кабарланган.

Курал кимге каршы колдонулат?

Британиянын The Times гезитинин жазуусуна караганда, британ өкмөтү Ооганстандан өз өлкөсүнө алып кетүүгө пайдасыз болгон курал-жаракты Өзбекстанга калтырууну көздөп жатат. Британ өкмөтүнүн бул максатына эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар кескин каршы чыгып, өкмөт мындай чечим кабыл алаарда ал курал кайда багытталаарын эске алыш керек деп билдирүүдө.
Мына ушундай билдирүү менен чыккан “Борбор Азиядагы адам укуктары үчүн” эл аралык укук коргоо уюмунун маалымдоосуна караганда, Өзбекстан АКШ жана Британиядан сооттолгон аскерий автоунааларды, тик учактарды алууну көздөп жатат. Уюм бул куралдарды өзбек өкмөтү кимге каршы колдонууну пландаштыруудадеген суроо коёт.

Анжияндагы өзбек аскерлери, май, 2005-жыл.
Анжияндагы өзбек аскерлери, май, 2005-жыл.
Ошол замат эле уюм практика көрсөткөндөй Ислам Каримовдун режими аскердик техниканы Өзбекстан калкына каршы пайдаланып келатат деп жооп жазат. Мисал катары, 2005-жылы Анжиян калабасында 700 чейин киши атып өлтүрүлгөнүн эскертет.

Мына ошондуктан Өзбекстанга курал сатууну токтотууга чакырдык дейт Парижде жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укуктары үчүн” уюмунун лидери Надежда Атаева:

- Биз биринчи кезекте Британ өкмөтүн чакырып жатабыз. Бул өлкөнүн парламентинде Өзбекстанга аскердик техника сатуу талкууланып жатат. Ошондой эле Германия, АКШга кайрылып, курал сатууну токтотууну өтүнүп жатабыз. Анткени ал курал өзбек элине каршы колдонулушу мүмкүн. Анжиян окуясында мына ошондой болгон.

Бул чакырыкты башка эл аралык укук коргоо уюмдары жана жарандык активисттер колдоого алып жатат. Кыргызстагы “Эркиндик үнү” өкмөттүк эмес уюмунун өкүлү Сардарбек Багышбеков да алардын бири::

- Анжиян окуясынан кийин Өзбекстанда көз карандысыз иликтөө жүргөн жок. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылган жок. Ал жерде канчалаган адамдар кырылган. Анан ошол себептен Өзбекстанга курал таштаган туура эмес деп көрүп жатабыз. Анткени режим өзгөргөн жок. Адам укуктары бузулуп жатат. Ошондой учурда режимди күчөтүп, бекемдетүү туура эмес деп эсептейбиз.

Багышбековдун айтымында, “Борбор Азиядагы адам укуктары үчүн” уюмунун чакырыгына өзбекстандык ондогон активисттер, уюмдар да колдоо көрсөтүүдө.

Борбор Азияга коркунуч туулат

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова Өзбекстанга курал калтыруу жалпы регионалдык коопсуздукка да доо кетирет деген пикирде:

- Борбордук Азиядагы бир мамлекет күчтүү аскердик техникаларды сатып алса, анда кимге коркунуч келет деген суроо сөзсүз пайда болот. Региондогу бир өлкө күчтүү техникаларга ээ болуп калса, анда жалпы регионго коркунуч түзүлөт. Мына ошого Британия сыяктуу күчтүү аскердик техникалары бар өлкөлөр жол бербеши керек. Региондо бирөөнү күчтөндүрүп, калгандарын алсыздандыруу туура эмес.

Абдырасулова ошондой эле “Борбордук Азиядагы адам укуктары үчүн” уюмунун демилгесин “Кылым шамы” уюму биринчилерден болуп колдоп чыкканын белгиледи.

Британия АКШ менен кошо 2001-жылы Ооганстанга аскерин киргизген. Учурда Ооганстандагы британ аскерлеринин саны 9.5 миңге жетет. Алар Кошмо Штаттардын аскерлеринен гана аздык кылат. АКШнын аскерлери болсо 90 миң экени маалым.

Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон быйылкы жылы Британия Ооганстандан 5200 жоокерин чыгарарын билдирген. Бул өлкөнүн коргоо министри Филип Хаммондун айтымында, британ аскерлери Өзбекстан аймагы аркылуу чыгарылып, акысына курал-жарак калтыруу көздөлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG