Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Борбор Азиядан Перс булуңуна жол кыскарды


Перс булуңуна жолду кыскартуучу темир жолго Кыргызстан Казакстан аркылуу кошула алат.
Перс булуңуна жолду кыскартуучу темир жолго Кыргызстан Казакстан аркылуу кошула алат.

Өзөн-Берекет-Горган темир жол магистралын ачуу аземи ушул аптада Түркмөнстанда өттү. Узундугу 935 чакырым келген темир жол Казакстан, Түркмөнстан жана Иранды туташтырат.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Иран менен чек арадагы Ак-Яла кыштагындагы салтанатта сүйлөп жатып, жүргүнчү жана жүк ташуу убактысын кыскартуучу жаңы темир жолдун геоэкономикалык маанисине токтолду:

- Бул жерде сөз Борбор Азияны жана Каспий айланасындагы өлкөлөрдү Кара деңиз аймагы жана Кавказ менен бириктирип, андан ары Балтика жана Түндүк Европа өлкөлөрүнө чыгаруучу жаңы геоэкономикалык мейкиндик жөнүндө жүрүп жатат. Бул жаңы схема аймакты Түндүк жана Түштүк транспорттук инфраструктурасы менен да байланыштырат.

Казак, түркмөн, иран президенттери темир жолду ачуу салтанаты учурунда. 3-декабрь, 2014-жыл
Казак, түркмөн, иран президенттери темир жолду ачуу салтанаты учурунда. 3-декабрь, 2014-жыл

Түркмөн президенти айткан Түндүк – Түштүк коридору Балтика жана Түндүк Европа өлкөлөрүн Индия менен Иран аркылуу туташтырууну караган долбоор.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев болсо жаңы ачылган темир жолду атүгүл “жаңы Жибек жолу” деп да сыпаттап жиберди.

Назарбаевдин кеңсеси билдиргендей, Өзөн-Беркет-Горган темир жолу Казакстан – Түркмөнстан – Иран ортосунда ташылган жүктү азыркы 3 миллион тоннадан 10 миллион тонна чыгарат. Ал эми 2020-жылга барып бул көрсөткүч 20 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн.

Казакстандын Өзөн станциясынан чыккан поезддер Түркмөнстандын Гызылгая, Беркет, Этрек станцияларына, андан ары Ирандын Гулистан провинциясындагы Горган станциясына жетип, өлкөнүн улуттук темир жол түйүнүнө кошулат.

Бул Борбор Азиядан Перс булуңунун Иран тарабындагы портко темир жол аркылуу жетүү аралыгы кыскарды дегенди билдирет.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде жаңы темир жолдун анын эки учундагы Казакстан жана Иран үчүн мааниси тууралуу буларга токтолду:

- Казакстан үчүн жаңы транспорттук маршруттун пайда болушу бул көбүнесе экономикалык долбоор. Бул казак бийлигинин расмий идеологиясына шайкеш келген да нерсе. Ал тууралуу президент Назарбаевдин “Нурлуу жол” деп аталган быйылкы жылдык кайрылуусунда да айтылды. Программада Казакстан үчүн жаңы транспорттук багыттарды өнүктүрүүгө да басым жасалган. Казакстан бул жолду Иранга жана Жакынкы Чыгышка жүк ташууда Орусия да пайдаланса, транзит акы иретинде киреше түшөбү деп да үмүттөнөт. Ал эми санкциялар алдында жашап жаткан Иран үчүн бул темир жолдун геосаясий өңүтү бар. Тегеран долбооор аркылуу Борбор Азияга геосаясий кызыгуусу бар болгонун ачыктоодо. Ошондой эле Батышка Борбор Азия өлкөлөрү анын жерибестен маанилүү соода-экономикалык өнөктөш катары карашарын көрсөтүүгө умтулууда.

935 чакырымдык темир жолдун 700 чакырымы Түркмөнстан, 140 чакырымы Казакстан, калган бөлүгү Иран аркылуу өтөт. Келишимге 2007-жылы кол коюлуп, курулуш иштери 2009-жылы башталган. Долбоорду Азия өнүгүү жана Ислам өнүгүү банктары каржылады.

Темир жолду ачуу салтанаты. 3-декабрь, 2014-жыл.
Темир жолду ачуу салтанаты. 3-декабрь, 2014-жыл.

Перс булуңундагы портторго жолду кыскартуучу темир жолдун ачылыш аземине Кыргызстандын делегациясы да катышып келди. “Кыргыз темир жолунун” башчысы Аргынбек Малабаев “Азаттык” менен маегинде:

- Кыргызстанга сөзсүз түрдө пайдасы бар. Бул бизге да Бандер Аббас портуна темир жол менен жетүүнү кыскартат. Ирандан алып жаткан жүгүбүз, курулуш материалдары, гранит эми кыска жол менен ташылып калат. Мурун жүк Түркмөнстандын ары жактагы Серакс станциясы аркылуу келсе, азыр жол кыскарат. Жол канчалык кыска болсо, жүктү ташуу акысы, убактысы да азаят да. Буга чейин Ирандан же ал аркылуу келген жүктүн көбү автотранспорт менен ташылчу. Биз Түркмөнстандын темир жол жетекчилери менен бир сыйра сүйлөштүк. Эми эсеп-кысапты тактап, тарифтерди макулдашып, ишкерлерге, жарандарга жардам кылууга аракеттенебиз.

Аргынбек Малабаев “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Кыргызстан - Казакстан – Түркмөнстан, Иран темир жолуна Казакстан аркылуу кошула алат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG