Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Тажикстанда сакалга "чабуул" уланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

"Газпром" түркмөн газынан баш тартты. Казакстан Кытайга эт сатмакчы. Тажикстанда сакалчандарга каршы күрөш уланууда.

"Российская газета" Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлерге белек берүүгө жана алардан белек алууга тыюу салчу атайын мыйзам кабыл алууга камынганын жазып чыкты. Орусия мындай мыйзамды эки жыл мурун кабыл алганы жана мыйзамдын кыргызча үлгүсү орусиялыктардыкынан эч айырмаланбаганы дагы белгиленет.

Кыргыз депутаттары биринчи талкуудан өткөргөн “Кызыкчылыктар кагылышы тууралуу” мыйзам боюнча эми Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер баасы бир миң сомдон жогору белек алганы тууралуу өз жетекчилигине маалымдашы керек. Ошондой эле кызмат маалында алынган бардык белектерди мамлекеттин менчигине өткөрүп бермекчи. Бул мыйзам парламентте кызуу талкуу жаратып, мыйзам долбоору толук иштелип чыкпаган деген сын-пикирлерге карабай профилдик комитеттин депутаттары жактырганы кошумчаланат.

"КоммерсантЪ" гезити «Газпром» түркмөн газын сатып алуудан баш тартканын баяндайт. Орусиялык ишкананын өкүлү Александр Медведев түркмөндөр жаратылыш газынын баасын төмөндөтпөй жатканын негиз кылган. Эки тараптуу 25 жылдык келишим боюнча “Газпром” “Түркмөнгаз” ишканасынан газды 2003-жылдан бери сатып алчу. Буга чейин “Түркмөнгаз” бир нече жолу орусиялык ишкананын шарттарына көнүп, келишимде каралган экспорттолчу газдын көлөмүн жана анын баасын дагы арзан берип келген. Эми Ашхабад түркмөн газынын негизги кардары болуп калган Кытайга таянып, орусиялык дооматтарга моюн бербей жатканы макалада белгиленет. Орусия газды Өзбекстандан деле алса болорун айтышкан айрым адистер расмий Москва газ маселесин түркмөн бийлигине саясий кысым көрсөтүү үчүн колдонуп жатканын болжолдошот.

"Регнум" маалымат агенттиги Тажикстанда эркектердин сакалын күчтөп алдыруу дагы эле уланып жатканын жазат. Жарандардын динге ашыкча берилгендигинен чочулаган тажик бийлиги хижаб кийгендер менен сакалчандарга каршы күрөштү былтыр жазында баштаган. Өткөн жылы ички иштер органдарынын кызматкерлери Хатлон облусунда 13 миңге жакын эркектин сакалын алдыртып, эки миңге жакын аялдын хижабын чечтирүүгө көндүргөнү макалада сөз болот.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Казакстан Кытайга эт ташууну көздөөдө деп жазат. Кытайга кой менен уй этин сатууда ветеринардык чектөөлөрдү алуу үчүн Астана Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы макалада айтылат. Былтыр Астана 16 миң тонна эт эскпорттоп, анын көбү Орусияга жөнөтүлгөн.

2011-жылдан бери Казакстан эт өндүрүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, 176 миң бодо мал кармай турган сарайларды курган. Эми италиялык Inalca Eurasia корпорациясынын 100 миллион евро инвестициясы менен казак этин Европага экспорттоону пландап жатканы да маалымдалат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG