Орусияга караштуу Чечен Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Илман Вахидов Рамзан Кадыровдун уулу Алинин серб жарандыгын алганы тууралуу маалыматтарды "фейк" деп атады.
Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Али Кадыров серб жарандыгын албаганын, аны алуу ниети жоктугун айтты.
Буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Сербия Кадыровдун экинчи уулу Алини жарандыкка кабыл алганы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ал "Али Рамзанович Мусаев" деген ысымдагы орусиялык паспорттун негизинде серб жарандыгын алганы айтылган.
Жарандыкка кабыл алуу тууралуу буйрукка серб премьер-министри Журо Мацут 2025-жылдын 10-июлунда кол койгону белгиленген. Али Кадыров аны өлкө үчүн "өзгөчө кызыкчылык" жараткан адам катары алганы иликтөөдө кошумчаланган.
Иликтөөдө жазылгандай, Али Мусаевдин паспортундагы туулган күн жана жери Али Кадыровдуку менен дал келет. Мусаев деген фейк паспорт 15 жылдан ашык убакыттан бери чет мамлекеттерге сапарларга колдонулуп келген.
Шерине