Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

COVID-19: Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков оорудан улам дүйнөдөн кайтты


Чыныбай Турсунбеков. 2020-ж. февралы.
Чыныбай Турсунбеков. 2020-ж. февралы.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 6-июлда түнгө маал өпкө кагыны илдетинен каза болгону парламенттен ырасталды. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков эки өпкөсү кагынып, Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Акыркы күндөрдө анын абалы оор экени жана жасалма дем алдыруу аспабынын (ИВЛ) көмөгү менен дем алып жатканы айтылган.

5-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Ч.Турсунбековдун кан басымы, дене табы жана жалпы акыбалы жакшы экенин, дарыгерлердин божомолунда ал жасалма дем алдыруучу аспаптан жакын арада чыгып, амбулатордук дарыланууга которулушу мүмкүн экенин кабарлаган. Ага пневмония деген диагноз коюлганын, бирок коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын кошумчалаган.

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1983--1985-жж. ал «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

1985--1988-жж. ал Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдери жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1989--1992-жж. ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болгон.

1993--1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995--1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1993--1996-жж. ал «Азаттык» үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болуп, кыргыз-түрк алакалары, Түркиядагы кыргыз диаспорасы тууралуу берүүлөрдү ырааттуу обого чыгарган.

1997-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду.

Ал Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

Ч.Турсунбеков 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптарды жандуу колдогон, Кыргызстанда либералдык реформаларды, базар экономикасынын, эркин басма сөздүн өнүктүрүлүшүнө тилектеш болгон коомдук ишмер эле.

Ал ыр жыйнактарын жарыялаган. Андан тышкары ал орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

2003-жылы ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык эгемен Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

«Азаттык» үналгысынын жамааты коомдук ишмер, мурдагы кесиптешибиз Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG