Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр басылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда жашагандар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда жашагандар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

7-декабрь күнү Баткен районунун Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймагындагы Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары чатакташып, чогулгандарды жергиликтүү бийлик кечинде таратты.

Көк-Таш айылынын тургундары тажик тараптан чогулуп келген кишилер айылдагы мектептин терезелерин сындырганын айтышат. Ага жооп кылып кыргызстандыктар тажик айылындагы үйлөргө таш ыргытышкан.

Район акими Кеңеш Салихов “Азаттыкка” окуя тууралуу буларды билдирди:

- Жаңжалдын чыгышына эки коңшунун чатагы себеп болуптур. Бири тажик, бири кыргыз жарандары. Мен өзүм эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн, окуя болгон жерге бара албадым, бирок бүт маалыматты алып турдум. Ошол эки коңшунун чатагынан улам беш-алты киши чогулуп, эки тарап болуп кетишкен. Тажик жарандары Көк-Таш айылындагы мектептин анча-мынча терезелерин сындырыптыр. Биздикилер алардын үйлөрүнө таш атыптыр.

Акимдин айтуусу боюнча окуяда эч кимдин ден соолугуна зыян келген жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күч органдарынын кызматкерлери менен барып, кечинде чек арада топтолгон кишилерди таратты. Абал турукташканын айыл тургундары да "Азаттыкка" бышыкташты.

Чек арадагы такталбаган жерлерден улам кыргыз-тажик чегинде тез-тез чыр чатак катталат.

XS
SM
MD
LG