Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Тажикстанда бир күндө 211 кишиден коронавирус табылды


Тажик дарыгерлери. Бохтар шаары, 14-май, 2020
Тажик дарыгерлери. Бохтар шаары, 14-май, 2020

15-майда саат 17ге карата Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган дагы 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министрлиги инфекциялангандардын жалпы саны 1 миң 118 кишиге жеткенин, 33 киши илдеттен көз жумганын, 477 бейтап сакайганын билдирди.

Бирок айрым карапайым адамдар расмий статистикадан күмөн санашат. Социалдык тармактарда коронавирустан көз жумган тааныш, жакындары, достору тууралуу жазгандар көп болууда.

12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун экспеттер миссиясынын жетекчиси Патрик О’Коннор Душанбедеги онлайн пресс-конференцияда Тажикстандагы эпидемиялогиялык кырдаал оорлошуп, вирус тез жайылып жатканын, алдынкы күндөрдөгү чаралар адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнорун эскерткен.

Кошуна өлкөдө коронавиурстун алгачкы учуру тууралуу 30-апрелде расмий маалымдалган. Бирок өткөн айдын башынан эле борбор калаа Душанбеде, бир катар райондордо пневмониядан көз жумгандар көбөйгөн.

Тажик бийлиги эпидемиянын коркунучун көпкө этибарга албай, пандемия жарыялангандан кийин Ноорузга арналган массалык иш чаралар уюштурулуп, футбол боюнча чемпионат уланган.

Кийин вирустун тарашына каршы айрым чараларды көргөнү менен өкмөт карантин киргизген эмес.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG