Бишкек шаарында соода борборунун вирус жуктурган бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон.
Ушундан улам, шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаардыктарды эл көп чогулган жерлерге барбоого, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды. Вице-мэр бул тууралуу бүгүн, 16-майда брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-майга карата Бишкекте вирус жуктуруп алгандардын саны 305 адамга жетти. Булар менен байланышта болгон 648 киши обсервацияда, 765 адам медициналык көзөмөлдө. Жалпы шаардагы обсервация жайларында учурда 1064 киши жатат.
Бишкек шаарында коронавирустун жайылышынын алдын-алуу боюнча медициналык кызматкерлерден турган 20 мобилдик бригада иштеп жатат
Борбор калаада жана чектеш конуштарда жашаган 250 миӊ жаранга гуманитардык жана социалдык жардам көрсөтүлдү.
Бишкек шаары 22-марттан тарта карантинге алынган. 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Шаардагы бардык ишканалар, соода оюн-зоок борборлору, базарлар, коомдук транспорт ишин токтоткон. 11-майдан тартып айрым ишканаларга, такси кызматынын ишмердүүлүгүнө, дүкөндөргө, тейлөө кызматтарына ишмердүүлүгүн жандандырууга уруксат берилген. (ZKo)