Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Чехияда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды


Трамвайды дезинфекциялоого даярданып турган атайын кызматкерлер. 10-март, 2020-жыл. Чехия.
Трамвайды дезинфекциялоого даярданып турган атайын кызматкерлер. 10-март, 2020-жыл. Чехия.

12-мартта чех өкмөтү өлкөгө 30 күндүк өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чечимдин негизинде 30 кишиден көп чогула турган бардык спорттук, маданий, диний иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Кафе, ресторандар жана башка тамактануучу жайлар кечки сегизден баштап таңкы алтыга чейин жабык болот.

14-марттан тарта вирус кеңири жайылган 15 мамлекеттен (Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Испания жана Евробиримдиктин бир катары мамлекеттери) Чехияга келгендер киргизилбейт. Ал эми аталган өлкөдөн келген чех жарандары милдеттүү түрдө карантинге жаткырылат. Ошондой эле чех өкмөтү виза берүүнү убактылуу токтотту.

Чехияда вирус жугузуп алгандардын саны 100гө чукулдады.

XS
SM
MD
LG