Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:23

COVID-19: дүйнөдө 11 400 киши көз жумду


Круиз кемесинен коронавируска чалдыккандарды медкызматкерлер чыгарып баратышат. Гонконг. 5-февраль, 2020-жыл.

21-мартка карата дүйнөдө коронавирустан 11,5 миңге чукул киши көз жумду. Аталган илдетке чалдыккандардын саны 275 миңге чамалаганын бул жаатта статистика жүргүзүп жаткан Жон Хопкинс университети билдирди.

Коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Италия алдыңкы орунда. Андан кийин Кытай жана Иран турат. Анткен менен ирандыктардын көбү Тегеран маалыматтарды азайтып билдирип жатканын айтышууда. Расмий маалыматтарга караганда ал жакта COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 19 600дөн ашат.

Испанияда COVID-19 менен 21 миңден көп киши ооруп жатат.

Кыргызстанда учурда коронавирус жуктуруп алган 12 адам аныкталды. Алдардын сегизи Сузак районунун, үчөө Ноокаттын, дагы бир адам Баткен районунун тургуну. Алардын баары Сауд Арабиясына умрага барып келгендер.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG