Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Нью-Йоркто карантин чаралары жумшартыла баштады


Медайым. Нью-Йорк. 20-май, 2020-жыл.
Медайым. Нью-Йорк. 20-май, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардагы коронавирустун очогуна айланган Нью-Йорк шаарында 8-июндан тартып айрым ишканалар ачыла баштады. Эки ай мурда бул шаарда коронавирустан бир күндө жүздөгөн адамдар көз жумган учурлар болгон. Азыркы статистикага ылайык, бир күндө жуктуруп алгандардын саны 500дүн тегерегинде болуп жатат.

Жергиликтүү бийлик сандар турукташып калганына байланыштуу айрым ишканалардын, анын ичинде курулуштун, өндүрүштүн, соода компаниялардын жанданышына уруксат берди. 400 миңдей адам жумуш орундарына кайтары күтүлүп жатат.

Нью-Йорк шаарында коронавирустан көз жумгандардын саны 22 миңден ашты.

Ал тапта Британияга чет жактан баргандар эки апта карантинде болушат. Бийлик мындай чечимди COVID-19 илдетинин экинчи толкунун алдын алуу максатында кабыл алды.

"British Airways" баштаган бир катар авиакомпаниялар бул чечимге каршы сотко кайрылышты.

Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок “чет жактан келгендердин арасынан коронавирус көп табылып жатканына байланыштуу" ушундай кадамга барышканын түшүндүрдү.

Британия Европадагы коронавирустан эң көп жабыркаган мамлекеттердин сап башында турат. Өлкөдө бул оорудан 44 миңден ашуун киши өлүп, 288 миңге чукул адам жуктуруп алды.

XS
SM
MD
LG