Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты.


Коронавируска анализ алып жаткан лабораториянын кызматкери. 10-июнь, 2020-жыл.
Коронавируска анализ алып жаткан лабораториянын кызматкери. 10-июнь, 2020-жыл.

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты. Ооругандардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда катталууда. Инфекцияга кабылгандардын саны өсүп жатканына карабастан Орусия 1-июлда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярданып жатат. Орусиялыктар өзгөртүүлөрдү колдоп берсе, президент Владимир Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылат.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 11-июнга карата дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 7,4 миллионго жетти. Ал эми бул илдеттен көз жумгандардын саны 416 000 миңден ашты. Өлгөндөрдүн төрттөн бир бөлүгү же 113 миңдейи Кошмо Штаттарга туура келет.

Европада коронавируска байланыштуу март айында жабылган чек аралар кайра ачыла баштады. Германия 15-июндан тартып, Швейцария, Франция, Австрия жана Дания менен чек арасындагы чектөөлөр алынарын жарыялады. Бирок Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден келген жарандарга карата карантин чаралары июндун аягына чейин кала берет.

Венгрия менен Хорватиянын чек арасы 12-июнда ачылмай болду. Словакиянын өкмөтү да илдет басаңдаган 16 өлкө менен каттамдар жандана турганын билдирди. Өткөн аптада Австрия, Чехия жана Венгриянын жарандары үч өлкөнүн аймагында чектөөсүз каттаганга мүмкүнчүлүк алышкан эле.

Эми Австриянын өкмөтү 16-июндан тартып кезинде коронавирустун очогу болгон Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун, Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын билдирди.

Азырынча Швеция, Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн чектөө кала берет.

XS
SM
MD
LG