Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны жети миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-июнда коронавирус менен ооругандардын саны жети миллиондон ашты.

Жон Хопкинс университетинин статистикасына ылайык, бул илдеттен 402 миңдей киши көз жумду.

Орусияда бир күндө бул илдетке тогуз миң адам кабылып, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 476 миңге жетти.

Орусия учурда Кошмо Штаттар менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Бразилияда инфекцияны жугузгандардын саны 691 миңден ашты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн 9-июндан баштап өлкөсүндө бардык чектөөлөр жоюларын билдирди. Дүйшөмбүдө өткөргөн басма сөз жыйында Ардерн жеке жана коомдук иш-чараларды эч чектөөлөрсүз өткөрсө болорун, коомдук транспорт жана башка тармактар өз нугунда иштерин айтты.

Жаңы Зеландияда 17 күндөн бери бир да учур каттала элек. Ошентсе да азыр чек аралар ачылбайт.

Түштүк Кореяда 8-июнда 38 адам коронавирус жуктуруп алган. Өлкөдө ооругандардын жалпы саны 11 800дөн ашты.

XS
SM
MD
LG