Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

КОВИД-19га каршы америкалык дагы бир вакцина натыйжалуу экени тастыкталды


«Moderna» компаниясы сунуш кылган вакцина.
«Moderna» компаниясы сунуш кылган вакцина.

Кошмо Штаттардагы «Moderna» компаниясы коронавируска каршы күрөш үчүн даярдап жаткан дагы бир вакцинанын сыноосунун үчүнчү баскычы аяктаганы жана анын натыйжалуулугу 94,5% түзөрү кабарланды.

Бул вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычында 30 миңден ашуун киши эмдөөгө камтылган. Эми компания бул жаңы дарыны АКШнын атайын мекемесинде - Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгында каттоо үчүн арыз бермекчи. Жаңы вакцинага уруксат ушул жылдын соңуна чейин алынышы ыктымал экени айтылууда.

Саал мурдараак америкалык «Pfizer» жана германдык «BioNTech» компаниялары да коронавируска каршы вакцинаны ийгиликтүү түрдө сынактан өткөрүшкөнүн жарыя кылышкан. Алардын натыйжалуулугу 90% түзгөн. Бирок бул компаниялардын вакциналарын Целсий көрсөткүчү боюнча минус 70 градустан ылдыйкы муздак абалда сактоо талап кылынат. Мындай технологиялык талапты аткаруу кыйын.

Ал эми «Moderna» компаниясы өзү даярдап жаткан вакцинаны Целсий көрсөткүчү боюнча минус 20 градустай муздак абалда сактоого болорун билдирүүдө.

Орусия да «Спутник V» аттуу вакцинанын үчүнчү сынагынын жыйынтыгы чыкканын 11-ноябрда жарыялаган. Орусиялыктардын айтымында, алардын вакцинасы 92% жакын натыйжалуулукту камсыз кылат. Бул натыйжа тууралуу баа кош бөлүктөн турган вакцинанын биринчи дозасынан кийин алынганын билдиришип, бирок орусиялык адистер эки бөлүктүн айырмачылыгын ачыкка чыгарышкан эмес.

XS
SM
MD
LG