Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 90 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан:
- Бишкек шаарында – 36
- Ош шаарында - 7
- Ош облусунда - 6
- Талас облусунда - 6
- Баткен облусунда - 3
- Жалал-Абад облусунда - 3
- Чүй облусунда – 2
Ушуну менен жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2562 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 30 адам каза болду.
Ошондой эле вирус жуктуруп алган 36 жаштагы эркек бейтап акыркы суткада каза тапты.
Бир сутка ичинде ооруканадан 54 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Бишкек шаарынан – 9, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында – 15, Ош облусунда – 16, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 4 бейтап айыгып, 17-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1901 адам.
Ушул тапта стационарда 631 бейтап бар. 33 адам оор абалда. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө. (ZKo)