Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Орус бийлиги беш Крым татарын кармап кетти


ФСБнын өкүлү Крым татарын кармап жаткан маалы. 11-март, 2020-жыл.
ФСБнын өкүлү Крым татарын кармап жаткан маалы. 11-март, 2020-жыл.

Орус бийлиги Крым татарларынын беш активистин кармап кетти. Алды менен алардын Бахчысарайдагы үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Крымдагы укук коргоочу Лютфие Зудиеванын «Азаттык» радиосуна 11-мартта билдиргенине караганда, Орусиянын Коопсуздук кызматы - ФСБнын өкүлдөрү тарыхчы Сейтумер Сейтумеровду, «Крым тилектештиги» укук коргоо уюмунун өкүлү Амет Сулеймановду жана башка үч активистти - Енвер Мустафаевди, Осман Сейтумеровду жана Рустам Сейтемеметовду кармап кетишкен. Маалыматты адвокат Николай Полозов да ырастады. Анын айтымында, кармалган Крым татарлары Орусияда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү деп шек саналып жатат. Бул уюм Украинада экстремисттик деп эсептелбейт.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан бери аталган уюмдун мүчөсү деген айып менен ондогон Крым татарлары кармалган. Аймакта азчылыкты түзгөн Крым татарлары Москванын аннексиясына каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG