Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Евробиримдиктин комиссары Тегеранга барды


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф. Тегеран. 3-февраль, 2019-жыл.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф. Тегеран. 3-февраль, 2019-жыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл Тегеранда тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушту. Эки тарап Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чыңалууну жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүштү. Бул Борреллдин кызматка киришкени Иранга жасаган алгачкы сапары. Ал ошондой эле Ирандын президенти Хасан Роухани жана парламенттин спикери Али Ларижани менен жолугары пландалып жатат.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден эки жыл мурда Вашингтон президент Дональд Трамптын демилгеси менен чыгып кеткен. Андан соң Кошмо Штаттар Тегеранга каршы катаал экономикалык санкцияларды киргизген. Мындан улам Тегеран макулдашуунун алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруудан акырындан баш тарткан.

Өткөн айда Боррел келишимге кол койгон мамлекеттердин, анын ичинде Орусия жана Кытайдын өкүлдөрү менен жолугушканын, алардын бардыгы келишимди сактап калууга кызыкдар экенин айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусави 3-февралда билдиргендей, Тегеран Боррелдин сапары Евробиримдикке Ирандын абалын түшүнүүгө жардам берет деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG