Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Роналду неге жер карады?


Европа чемпионатында В тобунда 2-тур аяктады, Португалия Данияны 3:2, Германия Голландияны 2:1 эсебинде утту.

Биринчи болуп майсаңга Португалия менен Даниянын футболчулары чыкты. Көрөрмандар, маселен, Португалиянын футболчулары өз өлкөсүнүн гимнин созуп жатканда “Реалдын” бомбардиринин мелтиреген бойдон жер карап турганын байкаган чыгар. Азыр айтылуу Роналдунун тегерегинде аңыз кептер басылбай жатат. Эске салсак, Германиядан утулгандан кийин Роналду күйөрмандары менен коштошпой басып кеткенин, кийин устатынын сын пикирин көтөрө албай беттен алганын агенттиктер жазып чыккан эле.

Ыйкы-тыйкы өзү менен болсун, бирок бул оюнда утулса, Португалия биротоло Европа жарышынан чыгат эле, ошондуктан биринчи мүнөттөн баштап эле алар чабуулга өтүштү. Роналду өзү гол киргизбесе да, каршылаштарынын шайын такай кетирип турду, анын “Реалдагы” шериги Пепе эсепти ачты. Португалия эсепти 2:0гө жеткиргенден кийин команданын устаты негедир коргонуу тактикасын тандап алды.

Өжөр мүнөз даниялыктар оңой менен багына коёбу? Алар эсепти теңеп жиберишти. Бирок оюндун бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда майданга чыккан Сильвестре Варела гол киргизип, Европа футболунда алдыңкылардын саналган өз өлкөсүнүн абийирин жаап, үч упай алып келди.

Ал эми Харьковдо 30 градус аптапта ойногон Германия – Голландия таймашында немистердин атайылап эле коргонуу тактикасы өз жемишин алып келди деп адистер айтып жатышат. Оңуту келгенде оңою менен жаза кетирбеген чабуулчу Марио Гомес бул сапар эки гол киргизип, немистердин куржуну 6 упайга толду.

Бирок бул топтон Германия түп-түз бойдон плэй-оффко чыкты деп таккесе айтууга болбойт. 3-турдагы матчтардын жыйынтыктарына карата 4 команданын кимисинин болбосун плэй-оффко чыгуу шансы бар. Эгер немистер даниялыктарга 2ден ашык эсеп менен утулуп, ал эми Португалия Голландияны утса, анда Германия чыкпай калат экен. Ошол эле Голландия Португалияны жеңип, Германия Данияны уткан күндө бул жоогазындар өлкөсү да плэй-оффко чыгып кетиши мүмкүн. Бул эми теория жүзүндө.

Арийне, чебер оюнчулар топтолгон Голландия бул чемпионатта неге мүдүрүлүп жатат деген суроо көп коюлууда. Муну өздөрү арасында ынтымактын жоктугунан көрүп жатышат. Мисалы, Клас-Ян Хунтелар, Рафаэл ван дер Варт жана Дирк Кюйт өңдүү мыкты оюнчулар биринчи оюнда майданга дароо чыкпаганына нааразы болушуптур. Ал эми Снейдер болсо өзүмчүлдүккө алдырып жатабыз деп наалыганын басылмалар жазды.

Дагы бир жагдай. 13-июнда УЕФАнын тартип көзөмөлдөө инстанциясы орус күйөрмандарынын жосунсуз жоруктарын териштирип, Орусия футбол биримдигине 120 миң евро айып пул илди. Андан тышкары Европа чемпионатынын кийинки тандап алуу циклинде Орусия командасынан шарттуу түрдө алты упай алууну чечти. Бирок бул чечимди жокко чыгаруу жагын Орусия футбол биримдиги андан ары даттана алат.

14-июнь кечинде С тобунда Италия – Хорватия, Испания – Ирландия таймашы өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG