Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ишенген кожом сен болсоң...


Биринчи чейрек финалчылар анык болду, футбол жылдызы Роналду акыры гол киргизди, Москвага кайтып келген орус футболчуларын күйөрмандары тосуп алган жок.

Ошентип чейрек финалда Португалия менен Чехия жана Германия менен Грекия беттешмекчи. Б тобундагы соңку турда сенсация деле болгон жок. Немистер анча деле жанын кыйнабастан даниялыктарды 2:1 эсебинде утуп, 9 упай топтоо менен биринчи болду.

Экинчи оюнда Голландия менен Португалия таймашты. “Жоогазындар” өлкөсүнүн оюнчулары эсепти ачкандан кийин күйөрмандары бир аз жанданып калды эле, бирок Роналду алардын үмүтүнө суу сепкендей эле кылды: буга чейин жолу болбой келген футбол жылдызы дароо эки топ киргизди. Ошентип, чемпионаттын фаворити саналган голландыктар бир да упай албастан, шаабайы сууган бойдон үйүнө кайтты.

Албетте Евро-2012де сенсацияга Орусияны турнирден чыгарып салган Грекия курамасы автор болду окшойт. Алар менен ойногондо орусиялык футболчулардын бат эле мизи кайтып, айып тилкесин айланып жүрүп, эч майнап чыгара алышпады. Азыр орус футболчуларын интернет-сайттарда, башка түйүндөрдө сөкпөгөн киши калган жок. Ичи катуу ачышкандры колхозчулар командасы деп да сыпаттап жиберишти. Орус командасы Москвага кайтып келгенде аларды жакындарынан башка эч ким тосуп чыкпады. Эми Орусия курамасында кескин өзгөрүүлөр болорун адистер божомолдоп жатышат.

Бүгүн Бишкекте түн оогонда С тобунда Хорватия – Испания жана Италия – Ирландия таймашы өтөт. Бул топто Испания менен Хорватиянын 4төн упайы бар, италиялыктар 2 упайга ээ, бир да упайы жок ирландиялыктар ушул оюндан кийин үйүнө кайтмакчы. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG