Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

ФИФА: Блаттердин жарыясы, Интерполдун издөөсү


ФИФАнын иши боюнча Интерпол издөө салгандар.
ФИФАнын иши боюнча Интерпол издөө салгандар.

ФИФАнын жаңы эле кайра шайланган президенти Йозеф Блаттердин кызматтан кетүү жөнүндөгү жарыясын бир катар өлкөлөрдүн футбол федерациялары кубаттоо менен кабыл алды.

Ал эми айрым ири демөөрчүлөр бул дүйнөлүк футбол уюмун реформалоо жаатындагы алгачкы гана кадам экенин белгилешти. Блаттердин кайра шайлануусу жана кызматтан кетүү жарыясы ФИФАнын мурдагы жана азыркы чиновниктерине каршы АКШ менен Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, тергөө башталган учурга туш келди.

Интерпол уюму 3-июнда билдиргендей, алар ФИФАга байланышы бар жана түштүк америкалык алты адамды кармоо үчүн издөө салды. Аларды камоо үчүн кызыл эскертүү чыгарылгандардын экөө ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жек Уорнер жана Түштүк Америка конфедерациясынын мурдагы президенти Николас Леос. Төртөө ФИФА менен келишим түзгөн компаниялардын топ-менеджерлери. Алты адамга издөөнү Интерпол АКШнын өтүнүчүнө ылайык салды.

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер кызматтан кетерин кечээ өзү башкарган уюмга байланышкан мына ушул соңку жаңылыктын алдында жарыялап, себебин төмөнкүчө түшүндүргөн эле:

- ФИФАнын мүчөлөрү мага жаңы мандат бергенине карабай, бул мандатты дүйнөлүк футболдо баары эле колдогон жок. Мында мен демөөрчүлөрдү, оюнчуларды, клубдарды эске алып жатам. Мен мандатымды кезексиз шайлоо курултайында өткөрүп берем. Бул чечим ФИФА менин мураскеримди шайлаган курултайда күчкө кирет.

Йозеф Блаттер жаңы президент шайланмайынча ишин улантып турарын кошумчалады.

Блаттер президенттиктен кетерин жарыялаган учур. Цюрих, 2-июнь, 2015-жыл.
Блаттер президенттиктен кетерин жарыялаган учур. Цюрих, 2-июнь, 2015-жыл.

Мөөнөтсүз шайлоо курултайы эми декабрь менен марттын ортосунда өтөт деп күтүлүүдө. 79 жаштагы Блаттер ФИФАнын президенттигине өткөн жума күнү бешинчи ирет шайланып алган эле. Бирок ал кайра шайланардан эки күн мурда АКШ менен Швейцарияда ФИФАнын мурдагы жана азыркы чиновниктерине каршы иш козголгону белгилүү болгон.

АКШнын өтүнчү менен Швейцарияда ФИФАнын жети чиновниги, анын ичинде эки вице-президенти камакка алынган.

Швейцария президент Йозеф Блаттердин өзүнө каршы кылмыш иши жоктугун ырастады. Бирок АКШдагы кылмыш иштердин алкагында, “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, Блаттерге карата да тергөө жүрүшү мүмкүн. “Нью-Йорк Таймс” белгилегендей, ФИФАнын баш катчысынын уюмдун банк эсебинен бөлөк эсепке 10 миллион долларды алып чыкканы пара боюнча шектенүүлөрдү Блаттерди көздөй жакындатууда.

АКШ жалпысынан ФИФАнын ишмердигине байланыштуу он төрт адамды айыптап жатат.

Башкы прокурор Лоретта Линч өткөн аптада Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолгон эле:

- Биз бүгүн атын айткан 14 айыпкердин арасында ФИФАнын жогорку даражалуу адамдары, анын эгидасы алдында башка аймактык уюмдардын, башкаруучу органдардын жетекчилери, спорт маркетинги менен алектенгендер бар. Аларга эл аралык футбол турнирлери боюнча пайдалуу медиа жана маркетинг келишимдери үчүн миллиондогон доллар пара жана чотур төлөнгөн. Бул адамдарга каршы 47 пункттан турган айыптоо корутундусу рекетчилик, көз боёмочулук, соңку жыйырма жылда арам акчаны адалдоо боюнча айыптарды да камтыйт.

АКШнын башкы прокурору Лоррета Линч бүгүн Ригада жүргөн жеринен белгилегендей, 2018, 2022-жылкы чемпионаттардын маселесин Швейцарияда жүрүп жаткан тергөө камтууда.

Катар менен Орусия чемпионат өткөрүү укугун алып жаткан учур. Декабрь, 2010-жыл.
Катар менен Орусия чемпионат өткөрүү укугун алып жаткан учур. Декабрь, 2010-жыл.

Кезинде ФИФА 2018-жылкы чемпионатты Орусияга, 2022-чемпионатты Катарга ыйгарууда пара да роль ойногону тууралуу кеп сөздөр чыккан. Бирок уюм мындай ырастоолорду четке каккан эле.

Орус президенти Владимир Путин Швейцарияда өткөн аптада жүргүзүлгөн камоолорду Блаттердин кайра шайлануусуна тоскоолдук кылуу, АКШнын өзүнө тиешеси жок ишке кийлигишүү аракети катары сындаган болчу. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко Блаттердин отставка боюнча жарыясын күтүүсүз кадам катары сыпаттады.

Блаттердин президенттиктен кетип жатышын бир катар өлкөлөрдүн футбол федерациялары, Азиянын конфедерациясы, УЕФА жетекчилиги, Coca-Cola, Adidas, Visa өңдүү демөөрчү компаниялар оң баалап, бирок демөөрчүлөр бул реформага карай алгачкы эле кадам экенин белгилешти.

Москвалык спорт талдоочу Александр Горбунов “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Блаттердин кетүү чечимине ири демөөрчүлөрдүн нааразылыгы жана УЕФАнын андан чыгып кетүү ниети да түрткү бергенин айтат:

- Бул УЕФАнын ФИФАдан чыгуу жөнүндөгү реалдуу коркутуусу. Эгер Европанын конфедерациясы ФИФАдан кетип калса, дүйнөлүк чемпионаттарда ким ойнойт? УЕФА Бразилияны, Аргентинаны, Африкадан да бирөөлөрдү өзүнө чакыра алат. Бул анда такыр башка турнир, дүйнө чемпионатына альтернативалуу чемпионат болуп калат.

Блаттер кайра шайлангандан кийин Европада, асыресе Германияда ФИФАга атаандаш уюм түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Анткени айрым немис саясатчылары дүйнөлүк футбол уюмун коррупциялашкан адамдар башкарып жатканына нааразы болушту. Блаттердин кайра шайлануусуна УЕФАнын президенти Мишель Платини да кескин каршы чыккан эле. Эми Платини ФИФАнын президенттигине негизги талапкер катары аталууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG