Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

100 жылдык тасмалар "Ленфильмге" берилди


Падышалык Орусияда тартылган өтө сейрек үнсүз фильмдер "Ленфильм” студиясына өткөрүлүп берилди.
Падышалык Орусияда тартылган өтө сейрек үнсүз фильмдер "Ленфильм” студиясына өткөрүлүп берилди.

Cентябрда орусиялык киносүйүүчүлөрдү кубанткан чоң тарыхый окуя болду.

Америкалык компания 1917-жылкы большевиктер революциясына чейин Орусияда тартылган 350 үнсүз көркөм фильмди өткөрүп берүү жөнүндө Санкт-Петербургдагы “Ленфильм” студиясы менен 21-сентябрда расмий түрдө макулдашты. Кол коюлган келишимге ылайык, баалуу тасмалар Кошмо Штаттардан түпкү журтуна декабрь айында түбөлүккө алып келинет.

Адистер Падышалык Орусияда тартылган өтө сейрек үнсүз фильмдердин "Ленфильм” студиясына өткөрүлүп берүүсүн киноөнөрүндөгү үлкөн тарыхый окуя
ирети баалашууда. Алардын “Ленфильмден” жай табышы кокустук эмес. Анткени Орусиядагы биринчи кинотеатр 1896-жылы дал Санкт-Петербургда ачылган.

Москвадагы мамлекеттик киномузейдин директору жана илимпоз-кинотаануучу Наум Клеймандын айтымында:

- Бул сенсация. Себеби биздин киноматографиянын бир доору кайра тирилет. Бул абдан маанилүү окуя. Революцияга чейинки 300 фильм - бүтүн бир континентти тапкан сыяктуу нерсе.

Кошмо Штатардын Флорида шаарында жайгашкан Magna-Tech Electronic компаниясынын президенти Стивен Крамстын айтымында, 1917-жылы Орус падышалыгы кулаганга чейин тартылган тасмалар Самуэл Кипниске таандык болчу экен. Кинону жанындай сүйгөн жана аларды маржан таштай чогулткан бул адам Октябрь революциясынан кийинки Орусияны аңтар-теңтер кылган граждандык согуш кезинде Америкага көчүп барып, Маямиден байыр алат. Ала келген фильмдерин жергиликтүү кинотеатрда качкын мекендештерине кээ кезде пайити келгенде көрсөтүп жүрөт.

1982-жылы Самуэл Кипнис көз жумгандан кийин фильмдер Флорида университетинин китепканасына өткөрүлөт. 80-жылдардын ортосунда китепканадагы капилет өртттөн кийин сербаа тасмаларды Стивен Крамс сактай баштайт. Бизнесмендин сөзүнө караганда, ал быйыл Орусияда болгон соң баалуу мурасты “Лефильмге” тапшырып бергенди оң табат:

- Мен жыйынга келип, “Ленфильм” студиясын көргөнү баргам. Ошондо бу жер тасмалар үчүн сонун үй болот деген ой келди. Мен кандайдыр бир пайдалуу иш жасай алганыма кубанычтамын. Бул өз баасын алат жана кимдир бирөөлөргө пайдасы тиет деген үмүттөмүн.

Орусияда алгачкы үнсүз фильмдер XIX кылымдын аяк ченинде көрсөтүлө баштаган. 1908-жылы биринчи орус фильми, 10 мүнөттүк “Стенка Разин” тасмасы тартылганга чейин кинотеатрларда жалаң европалык жана америкалык кинофильмдер көрсөтүлүп жүргөн. Толук метраждуу 100 мүнөттүк тарыхый драма - “Севастополду коргоо” фильмин 1911-жылы Николай падыша өзү Ялтадагы аксарайында көрүп алкаган.

- 350 фильм ал мезгил үчүн абдан чоң коллекция. Ал кезде кино өтө аз тартылчу. Ошон үчүн бул фильмдер биздин кинематографиянын маанилүү бир доору,- дейт “Ленфильмдин” жабдуулар боюнча инженери Андрей Сиглей.

Падышалык Орусияда тартылган фильмдердин 70-80 процентти изсиз жоголгон. Алардын айрымдарын совет бийлиги буржуазиялык өнөр деп өрттөп жиберген.

Дээрлик 100 жыл чукул АКШда сакталган береги үнсүз көркөм фильмдер Наум Клейман белгилегендей, мурдагы Советтер Союзу жана Орусиянын киноиндустриясына пайдубал болуп берген.

- Бул булактын көзү. Алгачкы фильмдер жөн гана примитив эмес. Алар кийин тартылган кинолордун жерпайы. Ошон үчүн алардын мааниси өтө зор.

Стивен Крамс эч качан кинопленкалардын сапатын текшерип көргөн эмес. Ошондуктан алардын абалы кандай экени белгисиз. Декабрда тарыхый тасмалар колго тийгенден кийин аларды калыбына келтирүүгө жана дигиталдаштырууга акыркы жылдары эптеп этегин жаап жүргөн “Ленфильмдин” каражаты жок. Бар үмүт Орусиянын мамлекеттик кинофондунда жана киноархивинде. Анткен менен, өлкөдөгү экинчи чоң киностудиянын жетекчилиги жаңы жылга бир кылым мурда тартылган үнсүз көркөм фильмдерди ошо замандагыдай оркестрдин коштоосунда көрсөтүп, киносүйүүчүлөргө унутулугус белек жасайбыз дешет.
XS
SM
MD
LG