Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хьюстондо өтөт


Миннеаполистин мэри Якоб Фрей Флойдду эскерүү иш-чарасында. 4-июнь, 2020-жыл.
Миннеаполистин мэри Якоб Фрей Флойдду эскерүү иш-чарасында. 4-июнь, 2020-жыл.

АКШнын Миннеаполис шаарында полицияга кармалгандан кийин көз жумган Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү төрөлүп өскөн Хьюстон шаарында 8-июнда өтөт. Ал эми сөөгү 9-июнда жерге берилет.

Мурдагы вице-президент, президенттикке ат салышууну көздөп жаткан Жо Байден Хьюстонго барып, Флойддун үй-бүлөсүнө көңүл айтууну көздөп жатканы маалым болду.

25-майда жасалма акча колдонгон деген шек менен кармалган Флойдду полиция жерге жаткырып, тизеси менен муунткан. «Демим кыстыгып жатат» деп Флойд бир нече ирет кайталаганына карабай полициячы аны муунта берген. Окуяны ошол жердеги күбөлөр видеого тартып алышып, Интернетке жайылып кеткен.

Окуяга катыштыгы бар төрт полициячы тең камакка алынган. Ал эми Флойдду тизеси менен муунткан полиция кызматкери Дерек Шовендин соту да 8-июнга белгиленген.

Флойддун өлүмүнөн кийин башталган расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы акциялар ушул күнгө чейин уланууда.

XS
SM
MD
LG