Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

"Эмгек" Азия чемпиондугуна даярданууда


“Эмгек” футзал клубунун оюнчулары.
“Эмгек” футзал клубунун оюнчулары.

Кыргызстандын “Эмгек” футзал же башкача айтканда чатыр астында ойнолчу футбол боюнча клубу Азия чемпиондугунун финалдык таймаштарына даярдануу үчүн учурда Ирандын Тегеран шаарында машыгуусун өткөрүүдө.

Машыгуунун алкагында кыргыз футзалчылары Ирандын клубдары менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Азия чемпиондугунун финалдык беттешинде “Эмгек” клубу В тайпасында Өзбекстандын “Локомотив” жана Жапониянын “Нагоя Оушенз” клубу менен беттешет.

Ирандын Тегеран шаарына Кыргызстандын “Эмгек” футзал клубу курамындагы 12 оюнчу менен 21-июлда сапар алган. Окуу машыгуунун алкагында бишкектик клубдун оюнчулары буга чейин 2 жолу жолдоштук беттеш өткөрүшүп бир оюнда жеңишке жетип, бир жолу утулушту.

Алгачкы оюнда 24-июлда San Eich club Teheran клубу менен беттешип, бишкектиктер 3:2 эсеби менен жеңишке жетишти. Бул оюнда "Эмгек" клубуна таандык эки голду Саламат Мамбеталиев киргизсе, жеңиш алып келген акыркы топту Мейрхан Аманбеков атаандаштарынын дарбазасына узаткан.

Талаа оюнчусу Мейрхан Аманбеков "Азаттыкка" курган маегинде Ирандагы машыгуулар тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө даярдык жогорку деңгээлде өтүп жатканын маалымдады.

- Машыгуулар жакшы өтүүдө. Иранда футзал мыкты өнүккөн экен. Жолдоштук беттеш өткөргөн командалар бизге күчтүү атаандаштык көргөзүүдө. Насаатчыбыз Канимет Аралбаев машыгуубузга өзгөчө көңүл бурууда. Биз бул жакка эс алганы эмес, жеңишке жетүү үчүн келгенбиз. Ошондуктан алдыдагы максатка жетүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

"Эмгек" клубунун оюнчулары 27-июлда Moghavemat футзал клубу менен болгон жолдоштук беттеште 2:1 эсебинде бир голдун айырмасында утулуп калышты. 28-июлда Ирандын Misagh клубу менен акыркы жолдоштук беттешин өткөрүшүп, 5:3 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетишти. Бишкектиктерге таандык голду Рустам менен Руслан Эрмековдор жана Акбаралы Данибаев киргизишти.

Оюндан кийин 31-июлдан 7-августка чейин Азия чемпиондугунун финалдык таймашы өтө турган Ирандын Исфахан шаарына сапар алышты. Футзал боюнча клубдар арасында Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүндө 12 команда ойнойт. Алгач 12 клуб 4 тайпага бөлүнүп, чейрек финалга чыгуу үчүн таймашат. Ар бир тайпадан экиден команда чейрек финалга жолдомо алат.

Бишкектин "Эмгек" клубу В тайпасында Өзбекстандын чемпиону "Локомотив” клубу менен жана Азиянын учурдагы чемпиону Жапониянын “Нагоя Оушенз” клубу менен беттешет. Иранга сапар алаар алдында “Эмгек” клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев журналисттер менен болгон маегинде кыргыз футболчулары Азия чемпиондугунда татыктуу таймаш көрсөтө аларына ишеними бекем экенин айткан.

- Бул - спорт. Спортко күчтүүлөр аттанат. Командам 23-24 жаштан жогорку куракта жаш оюнчулардан куралган. Мен шакирттериме ишенем. Жапондор менен өзбектер күчтүү. Бирок биздин оюнчулар деле оңой эмес.

Тажикстан менен Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамаларынын беттеши. 5-ноябрь, 2013-ж. Душанбе шаары.
Тажикстан менен Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамаларынын беттеши. 5-ноябрь, 2013-ж. Душанбе шаары.

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун финалына Азия чөлкөмүнүн рейтингинде улуттук курама командасы алдыңкы 12 орунга ээ болгон өлкөлөрдүн чемпион клубдары катышат.

Ушул жылдын июнь айындагы дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал курамасы 43-орунга жайгашып, Азия чөлкөмүнөн 8-катарды ээлеген.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев кыргыз футзалынын Азиядагы деңгээли тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Кыргызстандын футзалы Азияда алдыңкы катарларда. Азия чемпиондугунда улуттук курама бир нече жолу чейрек финалга чыгышкан. Бир сапар 3-орунду, бир жолу 4-орунду ээлешкен. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы рейтинг жагынан алдыңкы катарларда боло албаса да, Азия чөлкөмүндө футзал боюнча улуттук кураманын рейтинги жогору.

Буга чейин футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо оюндарына Кыргызстандан “Дордой” менен “Налоговик” футзал клубдары катышып, бирок финалдык бөлүгүндө ойной алышкан эмес.

Ошондой эле 2010-жылы “АУБ Алтын-Таш” командасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө ойноп, тайпалык мелдештерден чыга албай калган. Кыргызстандын атынан быйыл Азия чемпиондугуна алгачкы жолу катышкан “Эмгек” футзал клубу эки жыл мурда түзүлгөн. Команданын оюнчулары алгач ышкыбоздор арасында "KG лигада" ойношуп, кийинки жылы футзал боюнча Кыргызстандын "Cупер лигасында" 13 клубдун арасынан чемпион болгон.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG