Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Рахмондун атаандашы саясатка аралашпайт


Якуб Салимов.
Якуб Салимов.

Тажикстандын мурдагы ички иштер министри, кезинде тажик президенти Эмомали Рахмонго негизги атаандаш катары саналган Якуб Салимов 21-июнда абактан чыкты. Ал мындан ары "үй-бүлөсү менен бактылуу жашоодон башка планы жок экенин" жарыялады.

Тажикстандын мурдагы ички иштер министри, "Элдик фронттун" лидерлеринин бири Якуб Салимов кечээ абактан чыкты.

Тажикстандын Жогорку Соту Салимовду 2004-жылы “чыккынчылык жасады”, “куралды мыйзамсыз сактады”, “кызмат абалынан кыянат пайдаланды” деген айыптар менен 15 жылга эркинен ажыратып, бардык мамлекеттик чиндерин жана сыйлыктарын кайтарып алган.

2012-жылдагы мунапыс боюнча жаза мөөнөтү эки жылга кыскарып, ошентип жазасын толук өтөдү. Айрым маалыматтарга караганда, тажик бийликтери Салимов түрмөдө да таасирдүү болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам мурунку министрди 13 жыл бою абакта жалгыз кармашкан.

Якуб Салимов эркиндикке чыккандан кийин жасаган алгачкы билдирүүсүндө мындан ары саясатка аралашпай турганын айтты.

- Мен түрмөдө бардык окуялардан кабардар болуп турдум. Кайсы маалымат каражаты жабылып, кайсынысы кандай иштеп жатканынан бери маалыматым бар. Ден соолугум мурункудай эмес. Менде эми үй-бүлөм, аялым жана балдарым менен бактылуу жашоодон башка планым жок.

60 жашка таяган Якуб Салимов Тажикстандагы жарандык согуш учурунда эң таасирдүү талаа командири болгон. Ал Эмомали Рахмондун бийликке келишине колдоо көрсөткөн аскер адамы катары белгилүү болчу. 1993-жылы жарандык согуш басылгандан кийин Тажикстандын Жогорку Совети тарабынан ички иштер министри болуп шайланган.

Эмомали Рахмон 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайлангандан кийинки жылы Салимовду кызматынан бошотуп, Тажикстандын Түркиядагы элчиси кылып дайындаган. Ошондон бир жылдан кийин ал Тажикстандын Бажы кызматын башкара баштаган.

Ошол учурларда Якуб Салимов президент Эмомали Рахмондун эң жакын кишилеринин бири катары саналчу. 1997-жылы Хожентте Рахмонго кол салуу болуп, өмүрүн сактап калгандан кийин президенттин жакын адамы катары Салимовдун таасири өлкөдө ого бетер күчөгөн. Бирок ошол эле жылы Салимовдун үйүн куралчан адамдар аткылашкан. Мурунку министрдин үйүн курчоого алууга Тажикстандагы орус аскер базасынын оор техникалары тартылганы да айтылып келет. Ошол окуядан кийин Якуб Салимов Тажикстандан качып, Түркия жана Орусияда баш калкалап жүргөн. Тажик бийлиги 1997-жылы издөө жарыялаган Салимовду Орусия 2003-жылы Москвадан кармап, Тажикстанга өткөрүп берген.

Мурунку министр Якуб Салимов менен президент Эмомали Рахмондун мамилеси эмне себептен улам бузулганы ушул күнгө чейин коомчулукка белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда, Якуб Салимов түрмөдө жатып президент Рахмонго бир нече ирет ырайым кылууну өтүнүп кат жазган.

XS
SM
MD
LG