Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Францияда ар 30 секундада бир адамга коронавирус жугуп жатканы айтылды


Франциянын желегин кармаган адам.
Франциянын желегин кармаган адам.

Франциянын борбору Парижде ар 30 секундада коронавирус бир адамга жугуп, шаардагы ооруканаларга ар 15 мүнөттө бир бейтап кайрылып жатат. Мындай статистиканы Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Веран айтты. Ал «RTL Radioдогу» маегинде Париждин мэри Анн Идальгонун кичи дүкөндөрдү ачуу тууралуу сунушун комментарийлеп, мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылышын шартташы мүмкүн экенин белгиледи.

2-ноябрда Францияда 52 миңден ашык адамдан вирус табылды. Бул пандемия башталган учурундан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Акыркы суткада 416 адам каза болду. Ушуну менен Францияда коронавирустан 37 миңден ашык адам көз жумду.

Буга чейин бул өлкөдө жалпы улуттук карантин киргизилген.

Европада инфекциянын көбөйүшүн ооздуктоо максатында бир катар чектөөлөр киргизилип жатат. Германияда 2-ноябрдан тартып жарым-жартылай карантин киргизилди. Бир ай бою бул өлкөдөгү ресторандар, спорт залдары, театрлар жабылган.

Польшада, Португалияда, Грекияда жана Улуу Британияда коменданттык саат жарыяланып, чектөөлөр киргизилди. Коронавирустун алгачкы толкуну абдан оор өткөн Италияда азырынча өлкө боюнча карантин жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG