Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Мургапчылар Францияда кыргыз жылкысын таанытат


Авиньон жылкы жарманкесинин ачылыш аземи, 16.1.2013
Авиньон жылкы жарманкесинин ачылыш аземи, 16.1.2013

Бул күндөрү Тажикстандын тоолуу Мургаб өрөөнүнөн бир нече киши Францияда Жылкы фестивалына катышууда. Авиньон жарманкеси жылкы жандуу элдердин маданиятын даңазалоого арналган.

Өткөн кыш кыйын болуп, 3500-5500 метр бийиктикте жайгашкан Мургабда көп малды жут алган эле. Эмки кыш анчалык суук болбос бекен деп үмүттөнгөн мургабдыктардытн айрымдары келерки январда күнөстүү Францияга аттанганы жатышат. Бул өлкөнвн түштүгүндөгү Авиньон шаарындагы атактуу Жылкы Жарманкесинде мургабдык бир нече саяпкер, ырчы, кол өнөрчү кыргыз жылкысын, кол өнөрчүлүгүн, музыкалык маданиятын көрсөтүшөт. Бул саякаттын мааниси тууралуу Бишкектеги Кыргыз аты корунун жетекчиси Азаттыкка буларды билдирди:

- Авинон кароосунда Чыгыш Памирди алар өз маданиятын, салттарын, кол өнөрчүлүгүн таанытырышат, концерт коюшат. Жылкы менен эко-туризмди кантип өнүктүрүп жатышканын айтып беришет. Бул фестивалды тандаганымдын себеби, анда чет өлкөлүктөр көп болот. Бул - жылкыга арналган эл аралык жарманке. Мен бул долбоорду ишке ашыра алганыма төбөм көккө жетип турат. Мургандыктар да Европадагы ушундай жерге баратканына кубанып жатышат.

Авиньон Жылкы Жарманкеси Жер Ортолук деңизинин боюнда жайгашкан өлкөлөрдөгү, анын ичиндеги Түркиядагы жылкы жандуу жамааттардын маданиятын даңазалоого арналган.

Ал арада Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан Областында жайгашкан Мургабда келерки жайда Ат Чабыш фестивалы үчүнчү жолу уюштурулаары да маалым болду. Ушул жайда 100 чакты кишинин өмүрүн алган Хорог окуяларына байланыштуу изоляцияда калган мургабдык кыргыздар аймактагы көзгө басаар жалгыз фестивалды чыдамсыздык менен күтүшмөкчү.

Жаклин Рипардын айтымында, бул йарманкени тургундар чыдамсыздык менен күтүшөт. Иш-чарада адаттагыдай эле салттуу ат оюндары, аламан байге, айтыш, концерт, көргөзмөлөр болот жана боз үй шаарчасы тур гузулат. Келерки жылдагы фестивал былтыркысынан эмнеси менен айырмаланат? Кыргыз-Аты, Кристинсен корлоерунун жана Франциянын Тажикстандагы элчилигинин жардамы менен Мургаб райондук өкмөтү уюштуруп жаткан бул иш-чаранын өзгөчөлүгүнө Рипар айым мындайча токтолду:

- Элди дагы кызыктырыш үчүн биз мектептерде биз өзүбүз чыгарган кыргыз аты тууралуу китептерди таркатып бердик. Ал эми кароодо кыргыз жылкысы тууралуу сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары ушул темада ырлар конкурсун өткөрөлү дедик. Эл кызыгып, быйылкыдан да көп келет деп ойлоп жатабыз, бул өтө кубанычтуу.

Жумушсуздуктун деңгээли өтө жогору болгон Мургаб үчүн туризмдин өнүүшүнө салым кошуучу мындай иш-чараларга өзгөчө муктаж. Тилекке каршы быйылкы фестивалдан кийин көп өтпөй, Тоолуу-Бадахшан автоном областынын борбору Хорогдо куралдуу кагылыштар болуп, 100гө чукул кишинин өлүмүнөн кийин чек аралар да жабылып калган эле. Ал эми калкынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөн Мургаб үчүн эң ыңгайлуу Ош жолу да жабылып калды. Андан берки абал тууралуу өткөн айда Мургабда болгон Жаклин Рипар мындай дейт:

- Тилекке жараша, Кыргызстан менен чек ара күн ысык июл, августта бир айча гана жабык турду. 18ден 50 жашка чейинки жаштагы эркектер Кыргызстанга бара албай калышты. Бирок чет элдиктер үчүн чек ара октябрдын аягына чейин жабык турду, интернет, телефон иштебей турду. Тышкы дүйнө менен байланыш такыр болгон жок. Мургабдыктар «эч деле кыйынчылык болгон жок, тынч эле жашап жаттык» деп айтышты. Бир гана туризм тармагында иштегендер үчүн кыйын болду. Жай качан келет, туристтер болоор бекен деп күткөндөрдүн тилеги таш капты. Алардын экономикалык абалы былтыркыдан начарлады, болбосо Хогор окуяларынан конкреттүү бир көйгөй болгон жок.

Эл аралык Ат-Чабыш фестивалы алгач Кыргызстандын Ысык-Көл, Алай аймактарында болчу, бирок ар түрдүү себептер менен 2009-жылдан бери Тажикстандын аймагында өтүп келатат.
XS
SM
MD
LG