Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Франция менен Чехия Ирактан күчтөрүн чыгарып кетет


Ирактагы чет элдик аскерлер. 13-январь, 2020-жыл.
Ирактагы чет элдик аскерлер. 13-январь, 2020-жыл.

Пандемияга байланыштуу Франция Ирактан өз күчтөрүн чыгарып кетет. Расмий Париж коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн аскерлерге муктаж экенин 25-мартта жарыялады. Андан бир күн мурда ушундай эле жүйө менен Чехия да өз аскерлерин чыгарып кетерин билдирген.

Эки өлкөнүн аскерлери ал жакта «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүү операцияларынын алкагында жергиликтүү күчтөрдү машыктырган АКШ баштаган топтун катарында жүрүшөт.

Ал арада баш калаа Багдадда өкмөттүк мекемелер жана элчиликтер жайгашкан районго ракетадан чабуул коюлду. Ирак аскерлери эки ракета менен сокку урулганын билдиришти. Ал үчүн эч бир топ жоопкерчиликти өз мойнуна алган жок. Коопсуздук күчтөрүндөгү булактар чабуул Кошмо Штаттардын элчилигине багытталган болушу мүмкүн экенин билдиришти. Өткөн жылдын октябрь айынан бери бул аймакка 26 жолу кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG