Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин ("Енисей", Орусия) "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага 7-декабрда Бишкекте өткөн KFU Legend Awards-2022 деп аталган иш-чарада ыйгарылды. Бул наам үчүн Кичинден сырткары жарым коргоочу Алимардон Шукуров ("Неман", Беларус) менен дарбазачы Эржан Токотаев ("Туран", Казакстан) ат салышты.
Кыргызстандын футбол бирлиги уюму 10 номинация боюнча жыл мыктыларын аныктады.