Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

Украина: Вакарчук «Голос» партиясынын башчылыгынан кетти


«Голос» партиясынын мурдагы башчысы Святослав Вакарчук жана жаңы дайындалган жетекчиси Кира Рудык. 11-март, 2020-жыл.
«Голос» партиясынын мурдагы башчысы Святослав Вакарчук жана жаңы дайындалган жетекчиси Кира Рудык. 11-март, 2020-жыл.

Украиналык рок-ырчы Святослав Вакарчук былтыр өзү негиздеген «Голос» партиясынын башчылыгынан кеткенин жарыялады. 2019-жылдын июль айында өткөн шайлоодо парламентке депутат болуп келген Вакарчук бул тууралуу партиянын 11-мартта өткөн жыйынынан кийинки атайын видео кайрылуусунда айтты. Анын ордуна Кира Рудык дайындалды.

«Азыркы бийлик кызматка мурдагы эле кадрларды коюп жатат. Биз партияга жана парламентке жаңы, кесипкөй адамдарды алып келгенге аракет кылып жатабыз. Ошол себептен «Голостун» башчылыгына жаңы, мыкты адамды дайындадык», - деди ал.

Ал мындан ары да партиянын катарына жаңы, таза адамдарды тартууга аракет кыла берерин кошумчалады. Кира Рудык - парламент депутаты, Санарип трансформациясы боюнча комитеттин жетекчи орун басары. Аталган партиянын парламентте 20 депутаты бар.

XS
SM
MD
LG