Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Гарвард: Уханда коронавирус былтыр августта эле жайылган болушу мүмкүн


Ухандагы оорукана. 14-февраль, 2020-жыл.
Ухандагы оорукана. 14-февраль, 2020-жыл.

Гарвард университети жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, коронавирус Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын август айында эле жайылган болушу мүмкүн.

8-июнда жарыяланган баяндамадагы бул маалыматты Бээжин “күлкүлүү” деп четке какты. Гарварддын иликтөөчүлөрүнүн айтымында, август айынан декабрга чейин беш оорукананын айланасында кымгуут көбөйгөнүн спутниктен алынган сүрөттөр көрсөткөн. Андан тышкары ошол маалда “жөтөл”, “диарея” сыяктуу оорунун белгилери Интернетте көп изделген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы иликтөө “терең эмес” маалыматтарга негизделгенин билдирип, четке какты.

Коронавирус пандемиясы расмий былтыр декабрь айында Ухань шаарында тутанган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 9-июнда дүйнө жүзүндө жалпы 7 млн. 119 миӊден көп адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 406 миӊден ашууну каза болду.

XS
SM
MD
LG